Кайып Шер, Апрель Баатыры: “Атамбаевди хансарайынан борбордук аянтка атка сүйрөтүп түшкөнгө күчүбүз жетет”

-Кайып мырза, сиз апрель окуясында туу көтөрүп элдин алдында жүрдүңүз эле. Бийлик алмашканда Атамбаевди коргоп жүрдүңүз. Туурабы?

– Туура, аны талаша албайм.

– Атамбаевдин жакшылыгын көрдүңүз дегендей. Эми болсо “Атамбаевсиз Кыргызстан” деп кыйкырып жүрөсүз. Бийлик алмашкан сайын позицияңызды алмаштыра бересизби?

– Атамбаевдин жакшылыгын көргүдөй, ал киши мага кызмат, же казаныма оокат салып берген жок. Туура, апрелчилерди колдоду. Атамбаев колдогондо дагы кандай апрелчилерди? Дүжүр апрелчилерди колдогонун ким тана алат? Апрелчилердин дүжүрлөрү, ийкемдүүлөрү Атамбаевдин үзүрүн көрдү. Ал тургай апрель окуясында мен дагы жүргөм, жаракат алгам деп жасалма документ алгандардын бир тобу жакшылыгын көрүштү. Чыныгы революция жасагандар Атамбаевди бийликке келсин деген тилекте болгон эмеспиз. Акыйкаттык орносун, жеп-ичкендерден өлкө тазаланса деп күрөшкө чыкканбыз. Атамбаев өзү коомго “Бакиев жеп-ичкич” деген сөздү сиңирип койгонун ал киши тана албайт. Ошонун сөзүнө ишенип, Бакиевди кетирсек жыргал жашоо болот деп күпүлдөп чыктык да. Мен Бакиевди актагым келбейт, анын да күнөөсү бир топ. Атамбаев 6 млн элдин алдында “Ата-Бейитте” көзүнөн кан аралаш жаш чыгып ыйлап турса, ушул элдин мүдөөсүн аткарчу адам деп ишенгенбиз. 2-3 жыл көзүн көлдөтүп келген адамдарга, ушул адам иштеп берет, колдош керек деп жүргөнүм чын. Анын эптеп бийликке келип алуу максатын, ал үчүн элди курмандыкка чалганын кийин билбедикпи. Бийликке жетип алгандан кийин өзүн Кудаяр хан сезип калды. Мамлекетти кантип тоногонун элдер эми билип жатат. Бул алгач Абдыганы Эркебаев, Амангелди Муралиев сыяктуу аксакалдарды сындыруу менен баштады. Мисалы, Муралиевдин баласын шпион дедиртип Сапар Исаков каматкан. Бул анын абийиринде. Дүйшөнбек Зилалиевди Мамгеологияга алып келип, Аксы, Ала-Бука, Чаткал үч райондон эле баалуу кендердин 120 лицензиясын «оп» деп койгон. Башкасын айтпай эле коёюн. Ушуларды угуп, көргөндөн кийин “Апрель баатыры” деген медалын эл алдында “Өзүңөр баатыр боло бергиле! Мен силерге окшоп баатыр болбой эле койдум!” деп тапшырдым да. Атамбаевдин жанындагы ишенген 3 адамына “Атамбаевдин үч жетими” деген атты мен койгом. “Үч жетим” Атамбаевдин түбүнө жетет дегем.

– Кайсыл адамдарды “Үч жетим” деп жатасыз?

– Шопуру Икрам Илмиянов, кагаз ташыганга уста Сапар Исаков, акча бөлүштүргүч Аскар Шадиев. Атамбаев ушулардын колу менен былык иштердин баарын жасады. Чынын айтайын, апрелчилербиз деп башыбызды тике көтөрө албай калдык. Ушул “үч жетимдин” айынан. Атамбаев “Өлкөгө өзгөрүүнү алып келебиз! Жакшы жашоо келет!” деп элди ак өпкө кылып дүрбөтүп, жакшы жашоо үчүн кан төгүлүп, арбактардын башын аттап, элди куурчактай ойнотуп кеткени үчүн “Кокондук жетим” деп ата-тегин сүрүштүрдүк. Бала жаман чыкса ата-тегине наалат айтылат экен да. Ошон үчүн Атамбаевди “Кокондук жетим” тууганыңы таап ал! Жеген акчаны кусуп кой! Бизге Атамбаевсиз Кыргызстан керек!” деп жүгүрүп жүрөм. Биз өлкөнү оңдойбуз, артык кылабыз деп, Атамбаевди бийликке алып келип, Кыргызстанды азапка салып алдык.

– Атамбаев өзү айткандай ата-бабасынын жерине үй салып, ошол жакта “Кыйын болсоңор колуңардан эмне келерин көрсөткүлө” деп жатат го. “Атамбаевсиз Кыргызстан” деп кыйкырганыңар менен кылын кыйшайта албайсыңар да?

— Атамбаев ошол жакта жатып алып, элди чатакка түртүп жатат. Уурдады, жутту, тоноду, кан агызды, эми “Кыргызстандыктардын колунан эмне келет, кимиң барсың?” деп Бишкектин чокусундагы дөбөгө ата-бабамдын жери деп, казыкты катыра кагып, хансарай салып жатып алганы биздин кыжырды кайнатууда. Мыйзамды сыйлап, катуу кетип калбайлы деп оң колубуздун ачуусун, сол колубуз менен басып жатабыз. Болбособу, Атамбаевди хансарайынан борбордук аянтка атка сүйрөтүп түшкөнгө күчүбүз жетет. Автоматтын огуна каршы чыккан, Атамбаевге күчүбүз жетпей калмак беле? Мыйзамдуулукту сактап, мыйзамдын чегинде акесин таанытып койсо деле болот.

– Сиз Атамбаевдин хансарай салган жерине да асылып жүрөсүзбү? Кайдагы ата-бабаңдын жери деп?

— Ал жерге 2010-жылдан кийин эле аракет кыла баштаптыр да. Ф.Ниязовдун Укуев деген бөлө кайниси болот. Ошол адамга сатып алган деп каттатып, андан А.Ибраимовдун аялы сатып алды кылып каттатып, Албек Атамбаевге саткан кылып атпайбы. Атамбаевге Албек кантип жер сатсын? Элди ушинтип да алдашабы? Бул Фарид кабинетинде эле олтуруп алып жасаган иш болсо керек деп ойлойм. Атамбаев “Эки революцияны мен жасагам” деп мактанып бүтө албайт го. Ал революция жасаганга духу жок адам. Туурадан чыга калып, кайраштырганга уста экен. Керек учурда булуңдан чыга калып баатыр болгондун чебери. Өзүнүн колунан эч нерсе келбейт. Түрмөдөгү өзү үчүн камалган командасы үчүн да күрөшө албайт. Ата-бабасынын жерине салган үйүндө камалып олтура берет.

Кайып Шер 2010-жылы 7-апрелде Ак үйдүн алдында.

Маектешкен: Н. Тагаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу