Кайыпов Турцияга эт сатат.

Нарын облусунун жетекчиси болуп келгени оңдуу иш кылбаган Аманбай Кайыпов Жаңы жылда жаңы дем байлап ойгонгон окшойт.

Чү дегенде эле Турцияга иш сапар менен барды. Сапары байсалдуу болсун дейли. Кайыпов эми Турцияга эт экспорттойм деп турат.

Бул тууралуу ал: «Биздин Түркияга экологиялык жактан таза Нарындын этин экспорттогонго мүмкүнчүлүгүбүз бар»,-деп айткан.

Эми тиешелүү келишимдерге кол коюлса билек түрүнө ишке киришсе, кагаз түрүндө калбаса дейли. Көп сөздүн бири болуп ара жолдо калса, көнгөн базарына барганы оң болоор.

Ансыз да облуска жарытылуу пайда келтире элек…

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу