Кайыповду кызматтан албаса Нарын эли өздөрү жетелеп көчөгө чыгарып койгону турат

Нарын облусунун жетекчиси Аманбай Кайыповго дубандын эли аябай нааразы. Кайыпов жетекчи болуп келгени облуста чечилбеген көйгөйлөр арбып, анын иштин көзүн билбеген мажүрөөлүгүнүн кесепетинен эл запкы жеп жатат. Мына өткөн жылы көмүрдүн үстүндө отурган Нарын эли кычыраган кыш чилдесинде көмүр таппай кыйналышкан. Тапкандар 1 тонна көмүр Кара-Кечеде 1200-1500 сом болсо, 4500-5000 сомдон 4 эсе кымбат баада сатып алганга мажбур болуп зар какшашкан. Быйыл дагы ошол көрүнүш кайталанганы турат. Карапайым эл “Кайыпов өткөндөн сабак албаптыр, элдин камын ойлобогон жетекчинин кереги жок, иштей албаган соң көнгөн базарына барсын” – дешип нааразы болушууда. Анткени бүгүнкү күндө облуста көмүр жок. Нарынга суук эрте түшөт. Кара-Кечеге көмүргө баргандар эки жумадан бери көмүр ала алышпай, узун кезек күтүп отурушат. Былтыр көмүрдүн тартыштыгынан Кайыпов 4-5 жолу Жогорку Кеңешке чакыртылып, жакшы эле сөгүү уккан. Быйыл сөгүп эле койбой, иштей албаган немени айдап жолго салыш керек. Антпесе эл өздөрү жетелеп көчөгө чыгарып койгону турат. Анткени 500 миң тоннага чейин көмүр к-зып жатабыз деп Жогорку Кеңеште апырткан Аманбай, Нарын элин 5 миң тонна көмүр менен да камсыз кыла албай отурат. Эл болсо прокуратура, милиция каралардын алдында баш көтөрө албай калды дешүүдө. Себеби көмүргө баргандардан каралар акча алып, укук коргоо органдарын тоготпой калышыптыр. Мындан улам, Кайыпов келгени облусттук прокуратура, милициянын, аймактардагы укук коргоо органдарынын кадыры кеткени кеп болуп жатат. Жалпы жонунан алганда деле облуста жылыш жок. Нарын шаарындагы негизги көчөлөрдүн бири болгон Шералиев көчөсү казылган бойдон оңдолбой турат. Жаңы курулуп жаткан мектептердин курулушу кечеңдеп, сапаты чеке жылытпайт деген сындар айтылууда. Бир эле типтеги мектептер ар башка баада курулууда. Бир дагы жумуш орун түзүлгөн жок. Айтор бардык тарап туңгуюк. Мына шайлоо деле бүттү. Жогорку бийлик Кайыповдун ишин карап, кызматтан алып, ордуна иштин көзүн билген демилгелүү бирөөнү койбосо, Нарын эли шермендесин чыгарып кубалап чыкканы калды.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу