Кайыповдун “кайф” заманы “тамамдалабы”?

Өзүнөн башкага пайда-батасы тийбей, аш-тойдон башка аткарган иши жок жетекчилер арбын. Алардын ана башында Өкмөттүн Нарын областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов деген күлтүңдөгөн «гүбүрнатыр» бар. Бул кишинин эт менен челдин ортосунда келе жатканына көп болду. Ана кетем, мына кетем «настройу» менен илең-салаң иштеп келе жатат. Иштеп атат деген аты эле болбос, иш деле кылып кыйратпады. Тагыраагы, чечкиндүү кадамдарга барып, кыйраткан иш кылганын көрө албадык. «Өгүз өлбөсүн, араба сынбасын» тактикасы менен эптеп күн өткөрүп, «мынчажыл гүбүрнатор болгон» деген сөз эмгек китепчесине жазылса, ошол олжо эмеспи… Бирок, жалпы бир облустун элин артка тартып, алардын убалына калып атканын ойлонот болду бекен?

Булак: “Де-Факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу