Кайын энем элдин көзүнчө мени кемсинтет… Эмне кылсам?

Саламатсызбы, мага аябай психологдун кеңеши керек. Мен турмушка чыккам, бир балам бар. Кайын энем менен бир турабыз. Үйдөн конок үзүлбөйт. Айрыкча, кайын энемдин туугандары көп келет. Ал туугандарынын көзүнчө кагынып, силкинип, бой көтөрүп, мен жасаган ишти артыман оңдой берет. Мага тийишип сүйлөп, кемсинтет. Ошонусуна арданып, ызаланам. Кээде эмоцияга алдырып урушуп да кетем. Эч ким жокто андай деле эмес. Мен негизи тыңмын. Тамактын түрүн жасайм, кыймылым тез. Киши келгенде дасторконду жайнатып, улам чай сунуп көңүлүн алам. Туугандардын бары макташат, ыразычылыгын билдиришет. Кайын энем аны байкабайт. Ошол учурда өзүмдү кандай алып жүрүшүм керек? Кеңеш бериңизчи…

БУЛАК:bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу