Кайын журтка «кыңк» дебестен кызмат кылышым керекпи?

Кайын журтуна кызмат кылуу мыйзамда милдеттендирилген эмес, бул биздин каада-салтыбыз. Кызмат кылбайм десеңиз, кийин так ушундай мамилени кайра аласыз. Чечим өз колуңузда.

  • Келин кандай укуктарга ээ? Милдеттүү түрдө кайын-журтуна кызмат кылышы керекпи?

Келин жолдошу экөө расмий түрдө үй-бүлө курабыз деп никеге тургандан баштап бири-биринин алдында жоопкерчилик пайда болот. Келин жолдошу кандай укуктарга ээ болсо, ошондой эле укуктуу. Мыйзамда тең укуктуулук белгиленген. Ал эми кайын журтуна кызмат кылуу мыйзамда милдеттендирилген эмес, бул биздин каада-салтыбыз. Кызмат кылбайм десеңиз, кийин так ушундай мамилени кайра аласыз. Чечим өз колуңузда.

  • Менин ата-энем сүйлөшкөн кызымды кабыл албай коюуп, азыр өзүнчө батирде жашап жатабыз. Айтыңызчы, мен эмне кылсам болот? Ата-энемдин мындай кылганга акысы барбы?

“Мен эркинмин, эми билимиме жараша иш кылып, ата-энем сыймыктангандай үй-бүлө куруп, келечегимди өз колума алам” десеңиз туура жолго түшөсүз. 

Ата-эне балдарын 18 жашка чейин чоңойтуп, билим берип, ден-соолугуна кам көрүүгө милдеттүү. Балдарынын баарын үй менен камсыз кылуу ата-эне милдетине кирбейт. “Эмнеге мени батырбай жатасыңар” деп ачууланбай, тескеринче “мен эркинмин, эми билимиме жараша иш кылып, ата-энем сыймыктангандай үй-бүлө куруп, келечегимди өз колума алам” десеңиз туура жолго түшөсүз. Ал эми кайсы кыз менен сүйлөшүү ал сиздин жекече ишиңиз. Сүйлөшкөн кызыңызды ата-энеңизге жактыруу өз колуңузда. Баары жакшы болот.

  • Жигит сүйлөшкөн кызын каржылаганга милдеттүүбү?

Эки адамдын ортосундагы милдеттенме нике (ЗАГС) кыйылгандан кийин гана пайда болот. Ага чейин жаштар бири-бирине бир нерсе тартууласа, ал өз ниети жана калоосу менен гана болушу керек.

  • Сүйлөшкөн жигитиңе баш ийүүгө укуктуусуңбу?

Укук жана милдет жаштар расмий түрдө нике (ЗАГС) кыйганда башталат. Сүйлөшүп жүргөндө эч ким бирөөгө милдеттүү эмес. Кыз-жигит болуп жүргөн маалда үй бүлөлүк жашоо үчүн ал жигит же кыз өмүрлүк жубай болгонго татыктуубу билинет. Өмүрлүк жар болгуңар келсе, ошого тийиштүү мамиле кыласыңар. Бул сөзсүз түрдө бир адам экинчиге баш ийүү эмес, тескерисинче бир-бири менен тил табышуу жана милдеттерди бирге аткарууну үйрөнүү.

БУЛАК:bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу