Кайсы талапкердин шайлоо фонду 50 сом?

Кыргыз Республикасынын Борбордук Шайлоо комиссиясы президенттикке
талапкерлердин шайлоо фонду туурасында кезектеги маалыматын жарыялады
Ага ылайык, фонддо эң эле көп каражатты мурдагыдай эле Өмүрбек Бабанов сарптоодо.
Ал фондго салган 32 млн. сомунун 20,9 млн. сомун сарптоого жетишкен. Кийинки орунда
Темир Сариев 5,6 млн. сом чыгымдаган. Сооронбай Жээнбеков болсо 3 млн сом эсебине
салып анын 500 миңин сарптаган.
Кээ бирөөлөрдүн шайлоо фондунда акчасы аз эле, мисалы талапкер Акбаралы
Айтикеевдин болгону 50 сому бар.
Толук маалыматты Боршайком түзгөн төмөнкү таблицадан көрө аласыздар

Булак: kyrgyztoday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу