КАЙРЫЛУУ: «Сооронбай Шарипович, сиз «МЕН БИЙЛИКТИ, БАЙЛЫКТЫ КУЛУ БОЛБОЙМ, ЭЛДИ КУЛУ БОЛОМ»»…

Урматтуу Сооронбай Шарипович. Биздин Сизге кайрылуубуздун себеби төмөнкүчө: Учурда камакта жаткан Садыр Жапаров кыргыз элине пайдадан башка зыян алып келген жок. Садыр Жапаровдун жазган “Кайрылмандар” деген мыйзамынын күчү менен этникалык кыргыздар ар өлкөдөн көчүп келип, 2008-жылдан бери Кыргызстаныбызда жашап жатабыз.   Статистикага таянсак Кыргызстанга келе берген этникалык кыргыздардын саны  -65 минге жетсе, биздин эсеп боюнча этникалык кыргызжарын саны -150 миңге жетип калды. Мына ушул көрүнүштүн баары Садыр Жапаровдун жазган мыйзамына ылайык болду десек жаңылышпайбыз. Урматтуу Сооронбай Шарипович, Садыр Жапаров, кудайдан икоркон, намаз окуган, элин сүйгөн инсан. Тагдырдын жазмышы экен карыганда кайтыш болгон атасына топурак сала албай, арманда калды. Ошондуктан ачуу чындыкты ачыкка чыгарып, Садыр Жапаровдой болгон кыргыз элине, жерине күйгөн мыкты инсанга болгон айыптоолор негизсиз деп эсептейбиз. Садыр Жапаров жалган көрсөтмө менен камалды.

Урматту президент! Сиз дагы намаз окуган Кудай деген адамсыз, күнөөсүз түрмөдө олтурган Садыр Жапаровду камактан чыгарып берүүңүздү суранабыз. Сиз келечекте кыргыз элинин тарыхында калган, мыкты президент болуп кала берем десеңиз, адилетсиз камакта олтурган айрым күнөөсүз саясатчыларды боштондукка чыгарат деп ойлойбуз.

Сооронбай Шарипович! Сиздин «МЕН БИЙЛИКТИ, БАЙЛЫКТЫ КУЛУ БОЛБОЙМ, ЭЛДИ КУЛУ БОЛОМ», деген сөзүңүздөн кийин жалпы кыргыздарда Сизге болгон ишеним кайра пайда болду. Биз этникалык кыргыздар болуп аталганыбыз менен Кыргызстандын келечегине эч качан кайдыгер карабайбыз.

Биз Сизге ишенебиз, камакта жаткан Садыр Жапаровду боштондукка чыгарып берүүңүздү өтүнөбүз.

Жалпы этникалык кыргыздар жана этникалык кыргыз Айдар Халиков.

Булак:NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу