КАЙРЫЛУУ: Сооронбай Шарипович, Баткендеги Икрам Илмияновдун кадрларын жоопко тартыңыз…

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековго «Народный контроль» коомдук бирикмесинин Түштүк аймагынын координатору Маманова Розадан КАЙРЫЛУУ

Мен Кадамжай району боюнча ажыдаардын бир башы болгон А.Мадумаровдун 3-4 жылдык элге тийген оор кесепеттери боюнча баяндап берейин. Акрам Мадумаровдун өткөн жылдарда Майдан айыл өкмөтүндө, Үч-Коргон айыл өкмөтүндө жана башка а/ө дө элибизге жана айыл өкмөт бюджетине олуттуу зыян келтирди. Бул аталган иштер боюнча көптөгөн жолу бийлике кайрылуу жолдодук.

Үч-Коргон айыл өкмөтүндө мыйзамсыз жерлерди сатып, мыйзамсыз иштетилген финансы каражаттары тастыкталса да эл күткөн жооп болбой жатат. Бул боюнча интернет булактарына да бергенбиз. Мындай иштердин башында Уч-Коргон а/ө башчысы ажыдаардын дагы бир башы болгон Акмат Абдрахманов турат.

Майдан а/ө боюнча чуулгандуу көптөн бери мыйзамсыз уурулук жолу менен көмүр казууну уюштурган иш Бел-Алма көмүр кени бүгүнкү күндө сотто каралууда. Бирок аталган Акрам Мадумаровдун мамлекеттин алдында, элдин алдында жоопкерчилиги каралбай жатат.

Майдан а/ө дө Акрам Мадумаровко аскер болуп иштеген аялдардын жана а/ө башчысы Алтынбек Нурматовдун мамлекеттин алдында, мыйзам алдында, мыйзам талаасында каралбай жатканы өкүнүчтүү. Бул боюнча да интернет булактарында кеңири маалыматтар бар.

Кызыл-Кыя шаары боюнча  мурдагы вице мэр, азыркы Кызыл-Кыя шаарынын архивинин башчысы, мурда соттолгонуна карабастан мамлекеттик кызматка койгондугун мыйзам алдында баа берилбей жатат. Мамыт Ботоев вице-мэр болуп турган убагында шаардын ПОСТ МАИ, Парктарды сатып, жалпы 70 пайыз Кызыл-Кыя шаарындагы мамлекеттин жерин өзүнө жана туугандарына ээлеп алган. Бул боюнча сотто мамлекетке көптөгөн зыян келтиргендиги аныкталган. Тилекке каршы жообу жок, бул темалар интернетте кеңири тараган.

Акрам Мадумаровду, Акмат Абдрахмановду, Алтынбек Нурматовду, Мамыт Ботоевди Кадамжай районуна жана элине чыккынчылык кылууга, мыйзамсыз иштерди калкаалап турган ажыдаарга айланган атактуу ШООПУР Икрам Илмиянов тураары эл алдында белгилүү.

Аталган айыл өкмөттөрдүн иштериндеги мыйзам бузуулар боюнча Баткен облусунун прокурору Ормошов жазага тартпастан көз жумуп, Икрам Илмияновдун арам бизнесин аткарып жатты.

Атагы чыккан Илмияновдун жакын туугандарынын бири Баткен облусунун прокурору Ормошов качанга чейин коррупциялык иштерди улантат.

Урматтуу президент Сооронбай Шарипович! Биз карапайым эл көптөгөн жолу кайрылууларды бердик. Жыйынтык чыкпады. Сиздер бийликке келгенден бери элдин үмүтү жанып, Сиздерден мыйзамдуулук, адилеттүүлүк болуусуна эл күтүп жатат.

Акрам Мадумаровдун КР мамлекеттик кадр кызматын чечип жатып Болот Сүйүнбаевдин финполицияны башкартып коюуга жол бергенине, Ботоев Мамытка окшогон мурда соттолгондорду колдогонуна жана жогорудагы аталган коррупционер кызматкерлерди мыйзам алдында, кудай алдында жоопко тартууңуздарды эл суранып турат.

Кайрылуу ээси: Маманова Роза

Баткен облусу

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу