КАЙРЫЛУУ! Сооронбай Шарипович! Ак иштеген адамдар калганбы? Эми эмне кылабыз?

                                                                                                                                                 Кыргыз Республикасынын Президенти

                                                                                                                                                  ЖЭЭНБЕКОВ Сооронбай Шриповичке.

                                                                                                                                                Сузак районундагы Атабековайыл

                                                                                                                                                аймагындага Түрк-Абад айылынын жашоочусу

                                                                                                                                                  Абдураимова Маликадан жана

                                                                                                                                                  Бабаев Дилмурат Адашбековичтен.

                                                                                                                                                 Телефондор: 0555 965000; 0552 347772.

                                                                           А  Р  Ы  З

Биз Сизге Кыргыз Республикасынын Президенти катары биздин укуктарыбызды жана мыйзамдуу кызыкчылыктарыбызды коргоп берүү үчүн гана кайрылып жатабыз. Эгер Сузак районундагы жергиликтүү бийликтер, укук коргоо органдары, сот органдары, кала берсе Башкы прокуратура да өз милдеттерин туура аткарышса, биз Сизге кайрылып отурбайт элек.

Биз Сузак районундагы Атабеков айыл өкмөтүнүн 1998-жылдын 28-сентябрындагы №239 буйругу менен “А-Дилмурат” сүт-товар фермердик чарбасын түзүп, ага бизге тиешелүү жер үлүштөн тышкары кайра бөлүштүрүү фондунун жеринен 10 гектар ажыратып берилген. Бул Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын №538 буйругу менен да 1998-жылы 2-октябрда бекитилген. Биз Уставды областтык юстиция башкармасынан каттатып, күбөлүк алганбыз. Сузак райондук мамлекеттик каттоо кызматынан бизге кызыл китеп да берилген. Кийин 2004-жылы 18-августта Атабеков айыл өкмөтү тарабынан 122-буйрук чыгып, “А-Дилмурат” жеке менчик айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча дыйкан чарбасына мамлекеттик акт берилген. Бөлүнгөн жерге 31 миң 500 сом компенсация төлөгөнбүз, квитанциясы бизде турат. Бардык документтер колубузда турат.

Бирок, ошол акыркы буйрук Жалал-Абад шаарындагы мамлекеттик архивден чыкпай калды, аны айыл өкмөтү алып барып, тапшырып, каттатып коюшу керек эле. Бирок ал жасалган эмес. Ошого шылтап туруп, кийин бизге берилген 98-контурдагы 10 гектар мыйзамдуу алган жерибизди жергиликтүү коррупционерлер жасалма документ жасоо жолу менен тартып алышты. Жөн гана алышпастан, 6 сотигин 160-180миң сомдон там салуу үчүн участка катары бөлүп берип коюшту. Азыр 2 гектар жерде 29 участка сатылып, 17 там курулган. Дагы 42 адамдын акчасын алышкан.

Бул иштер Атабек айыл өкмөтү, Сузак райондук мамлекеттик каттоо кызматы, Сузак райондук прокуратурасы, Сузак райондук соту, Сузак райондук ички иштер бөлүмү, Жалал-Абад областтык райондор аралык соту, Жалал-Абал областтык соту, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан каралып, бирок акыйкат чечим чыкпастан, баары акчага алданып калышты. Коррупционерлердин жасаган ишин жогорудагы аталган органдар колдоп, тастыктап, алар арам максаттарын ишке ашырып алышты.

Биз ушундай адилетсиз, мыйзамсыз иштер болуп жатканын билдирип, аны токтотуу тууралуу Сизге, Башкы прокурорго Индира Жолдубаевага, Премьер-министр Сапар Исаковго, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго кайрылганбыз. Тилекке каршы, биздин аруу үмүттөрүбүз талаада калып, жогорку органдар да жергиликтүү коррупционерлердин жетегине илингенин көрсөтүштү. Эптемей, туура эмес, калп жоопторду берип кутулушту. Көйгөй чечилген жок.

1.Биздин мурдагы кайрылуубузду президенттик аппарат Ички иштер министрлигине жиберген экен.

2.Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы М.А. Карашев коррупционерлердин арам иштери “аныкталбады” деп жооп берди. Төмөн жактагылар эмне деп жооп жазышса, аны текшербей, аныгына чыкпай туруп эле бизге көчүрүп жазып жиберген. Таптакыр чындыктан алыс жооп. Бизге тиешелүү жер контуру №98 болсо, бизге берген жоопто №41 контурга тиешелүү нерселерди жазып жиберген. Башты айландыруунун кереги эмне? Башкы прокуратурада иштегендер жөн гана жалган жооп жазуу менен эмгек акы аларын билбептирбиз.

3.Өкмөт башчы Сапар Исаковдун тапшырмасы менен Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын бөлүм башчысы Р.А. Абдуразаков биз айткан 10 гектар жер боюнча Сузак райондук прокуратура тарабынан 2015-жылы 10-февралда КЖКнын 304- беренесинин 2-бөлүмү менен 179-берененин 2-бөлүмү менен 143-15-34 сандуу кылмыш иши козголгонун, соттун кароосуна жиберилгенин билдирип, жооп жазган. Бирок, ким айыптуу, ким жооп бериши керектиги тууралуу сөз жок, жылмалап гана колдон өтөр жообун жазып койгон.

4.Жогорку Кеңештен таптакыр жооп жок. Эл өкүлдөрү элдин кызыкчылыгын коргойбуз деп төш кагышат, бирок ишке келгенде балээ да жок. Аларга баары бир экен.

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Сиз кызматка келгени коррупцияга сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө сокку берилгени турат, аны сезип жатабыз. Үмүтүбүз да жанды, Сизге ишеничибиз зор азыр.

Сузак районунда айыл өкмөттөрү, райондук бийлик органдары, укук коргоо органдары алдамчылар, мыйзам бузуу менен элдин, мамлекеттин байлыгын сиңирип алуучу корркупционерлер, кылмышкерлер менен биригип алышкан. Ортодо пайда көрүшөт. Ошондуктан биздин колубузда документтер турса да бизге берилген жерди жасалма документтер менен ээлеп, аны сатып, пайда көрүштү. Биздин арыз-муңубуз эч жерге өтпөй, талаада калды. Ушул кантип жакшы болсун?!

Сизден биз сыяктуу карапайым жарандар үчүн адилеттикти таап берүүнү, биздин чечилбей келаткан, жергиликтүү алдамчы-коррупционерлер тарабынан тартып алынган жана сатып жиберилген 10 гектар жер маселесин акыйкат карап берүүнү суранабыз. Себеби, азыр айыл өкмөтү бар күчү менен №122 буйрукту жокко чыгарууга аракет кылууда. Себеби, алардын кийинки жасаган иштери мыйзамсыз экенин ушул буйрук далилдеп турат.

Биз массалык маалымат каражаттары аркылуу да, расмий кат түрүндө да жогорку органдарга “Менин жана үй-бүлөмдүн өмүрү коркунучта!” деген арыз менен кайрылганбыз, бирок баары кайдыгер карашууда.

Бул арызга:

1. “Менин жана үй-бүлөмдүн өмүрү коркунучта!” деген арыздын көчүрмөсүн;

2.Жогорку соттун 2016-жыл 10-мартындагы токтомун;

3.Жалал-Абад областтык райондор аралык сотунун 2016-жыл 23-декабрындагы аныктамасын;

4.Жалал-Абад областтык райондор араоык сотунун 2018-жыл 21-22-февралындагы чечимин;

5. Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү К. Матмусаевдин 2016-жыл 28-апрелдеги токтомун;

6. КР Башкы прокуратурасынын бөлүмүнүн башчысы М.А. Карашевдин жооп катын;

7. КР ИИМ тергөө кызматынын бөлүм башчысы Р. Абдуразаковдун 2018-жыл 31-январындагы жооп катын;

8. Сузак районундагы Атабеков айыл өкмөтүнүн 1998-жылдын 28-сентябрдагы №239 буйругун;

9. Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 1998-жыл 25-октябрдагы 538-буйругун;

10. Сузак районундагы Атабеков айыл өкмөтүнүн 2004-жыл 18-августтагы 122-буйругун;

11. Атабеков айыл өкмөтү тарабынан 1997-жылы 17-фералда берилген №36 кассалык ордерди;

12. Сузак райондук мамлекеттик катоо кызматынын 2004-жыл 25-октябрындагы корутундусун;

13. Айыл тургуну Хайталиев Абдусатардын 2015-жыл 21-апрелдеги түшүнүк катын;

14. 1998-жылы 2-октябрда берилген СN0166116 мамлекеттик актысын;

15. Жеке менчик тууралуу 2004-жыл 22-декабрда берилген мамлекеттик актыны ;

16. Жалал-Абад областтык райондор аралык сотунун 2018-жылдын 31-январдагы аныктамасын тиркедик.

Документтердин тиркелген нускалары жергиликтүү коррупционерлер туура эмес иш жасап жатышканын, биз туура экениизди тастыктап турат.

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Үмүтүбүз Сизде гана калды.

Сизден жардам күтүп,

Сузак районундагы Атабеков айыл аймагынын тургундары:

Абдураимова Малика.

Бабаев Дилмурат Адашбекович.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу