Кайрат Салмакеев: «Эркин Мээрканов менин продюсерим эмес, мага жардам берип жүргөн аранжировщик»

-Кайрат мырза, өз алдынча иштегенден баштап стилиңизди өзгөртүпсүз, тойлорго да өз атыңыз Кайрат Салмакеев болуп чыга баштапсыз. Анан да “Жаштык кез” деген ырыңызды тойлордо ырдабай жатат деп уктук. Мурунку  продюсериңиздин талабынан улам ушундай өзгөрүүлөргө бардыңызбы?

— Стилим боюнча айтсам, ооба, өзгөрдүм. Стиль деген бир жерде турбайт да, мындан ары да ар кандай болуп өзгөрүп турат, көнө бериңиздер. Кааласам мурункудай болом, кааласам азыркыдай болом. Ысымым болсо башында эле Кайрат Салмакеев болчу, Кайрат Кыргыз деген сахнадагы Салмакеев болчу, Кайрат Кыргыз деген сахнадагы эле псевдонимим эле. Өз ысымым менен чыгып жатканыма эч кимдин тиешеси жок. “Жаштык кезди” эл суранса ырдап коём, суранбаса ырдабай деле коём. Жана да мындай өзгөрүү эч кимдин талабы менен болгон жок.

— Эркин Мээрканов сизге карата бир нече дооматтарды койду, анын ичинде ага чоң акча карыз болуп калганыңызды, атактуулукту көтөрө албай көөп кеткениңизди айтты…

— Эми ал киши айтса айта бербейби, менин актангым келбейт. Ал калп айттыбы, чын айттыбы, убакыт көрсөтөт. Ызы-чууну каалагандарга, ошондой интрига уюштурууга маш адамдарга жакты бул окуя. Бирөө менен чырдашып, акыйнек айтышуу мага көп жага бербейт. Эмне болсо ошол болсун деп коём. Дарегиме айтылган начар сөздөрдү уккум да келбейт. Адептүүлүктү биринчи орунга коём, мени канчалык сындап, жамандашпасын,  өз жолум менен кете берем.

— Ошондой эле продюсериңиз сизге кетирген чыгымдарды сот аркылуу өндүрүп алам деди, мыйзам алдында жооп берүүгө даярсызбы?

— Сотко берсе берсин, ага деле жооп кылчу сөзүм бар. Мен Эркин Мээрканов менен иштешпей калсам эле чыгармачылыгым бүтүп калбайт. Өзүм аябай ак көңүл адаммын, баары менен тил табыша алам. Мындан ары ким менен болбосун иштешип кетериме көзүм жетет. Эркин Мээркановго башында жакшы эле түшүндүрүп айттым, өзү “иштешпейм, маалымат каражаттарына жайып жамандайм” деди. “Мейли, каалаганыңызды кылыңыз, жамандасаңыз жамандаңыз” дедим, болду, ошол эле. Бирок өзү деле ойлонуп туура чечим чыгарыш керек болчу. Ачууга алдырбай, кийинкисин ойлонуп иш кылса болмок.

— Кайрат Кыргыз деген ысымдын элге жайылышында Эркин Мээркановдун эмгеги көп экенин моюндайсызбы?

— Мен өмүр бою эле чыгармачылыкта жүргөн адаммын. Кайрат Салмакеев болуп комузда кол ойнотуп, музыкалык окуу жайда сабак берем. Өзүм фестивалдарды уюштуруп, окуучуларымды эл аралык сынактарга алып чыгып жүрөм. Аздыр-көптүр кыргыз маданиятына кошкон салымым бар. Бул жерде бир чыр менен эле менин атымды чийип коюуга болбойт. «Жаштык кез” деген ырдын популярдуу болуусуна Эркин Мээркановдун эмгеги албетте бар, бирок ошол ырды бапестебесе, ач көздөнүп кызганса ал ыр толугу менен көмүлөт. Ал чыгарманы ырдоого ырчыга тыюу салса, мүмкүнчүлүк бербесе ырчы аны ырдамак түгүл уккусу келбей калат. Ал канчалык түйшүк көрүп, мээнет менен жараткан эмгекти элге укканга шарт түзүп бериш керек деп ойлойм. Анан да жогоруда кечке продюсериңиз деп айтып жатасың, ал менин продюсерим болгон эмес.

— Продюсериңиз эмес беле, анда ким?

— Аны мен продюсерим деп эсептебейм, ал мага жардам берип жүргөн аранжировщик болгону.

— Аа, ошондой деңиз. Айтмакчы, гезиттердин бирине берген маегиңизде Гүлнур Сатылганованы тааныбайм дептирсиз, чын эле тааныбайсызбы?

— Эми ал нерсе журналисттердин катасы, айтпаган нерсени айтты кылышыптыр. Гүлнур эжени кантип тааныбай калайын, мен антип айткан эмесмин!

— Продюсери менен чырдашып кетип калган ырчылардын көбү бут тосууга учурайт эле. Сиз бул нерседен коркпой элесизби?

— Мен бут тосуудан калгам. Эми аты-жытым белгисиз жаңы чыгып келе жаткан ырчы болсом, балким, сынып калмакмын. Азыр бут тосууларга моюн бербейм. Бир жакшы жери, ушундай окуяда кимдин ким экенин, айрымдардын анык жүзүн көрө алат экенсиң. Бирок аларга айтарым, жашоо бумеранг, антип көп кубанбагыла, ошол нерсе башыңарга түшкөндө ынанасыңар.

— Кеп нугун үй-бүлөңүзгө бурсак. Маектериңиздин биринде аялым бар деп айткан экенсиз, бирок кошунаңыз болом деген бир айым сиздин бойдок экениңизди айтты, ошондо кимдики туура?

— Буга чейин жеке жашоомду сыр тутуп ачыктабай келгенмин. Мындан ары деле ушундай болсо жакшы болмок. Айрымдар мени “4 баласы бар, аялы башкыр улутунан” деп айтышат экен. Жеке жашоом тууралуу түрдүү ушактарды токуган адамдар аман эле болсун. Аялым, балдарым бар, ошолордун, ата-энемдин колдоосу менен эл көзүндө жүрөм десем жаңылышпайм. Ата-энем экөө тең мугалимдердин үй-бүлөсүндө төрөлүшкөн. Мен да мугалимдик кесипти аркалап, мугалимдердин династиясын улантып жатам.

Лунара БЕКИЕВА

БУЛАК: Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу