Кайрат Примбердиев, ырчы: “Биринчи никедеги уулум менен азыркы келинчегимдин мамилеси жакшы”

-Тун уулум азыр сегиз жашка чыкты. Ал менен колдон келишинче тез жолукканга, көп жардам берүүгө аракет кылам. Жумушума байланыштуу, бир айда эки, кээде бир эле сапар жолугууга мүмкүнчүлүк болуп калат. Балам менен жолуккан сайын оюн-зоок парктарына барабыз. Кичүү уулум да агасын аябай жакшы көрөт. Көрбөй калса сагынып, издеп турат. Уулум да  үйгө бат-баттан келип тургандыктан, бүт сырларын билем. Азыркы келинчегим менен да мамилеси жакшы.

БУЛАК: Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу