Видео — Кайрат Нуртас менен Айкын желени жарды

Интернет желесинде жарыша бийлеген Айкын менен Кайраттын видеосу тарады. Көпчүлүк ырчылардын аткаруучулук талантын гана эмес, бийлерин да жогору баалашкан. Бул тууралуу “ NUR.KZ” сайты маалымдайт.

Желеде тарап кеткен видеодо ырдап жаткан Айкындын жанына Кайрат Нуртас бийлеп келгенин көрүүгө болот. Эки жылдыздын бийи желени жарып, окурмандар арасында талкууга түштү. Көпчүлүк ырчыларды өнөрүнө таң калганын жашырышпады.

Ал эми күйөрмандар кайсы артистин жакшыраак бийлегенин биле алышпады. Кээ бири Айкын үчүн жан тартса, калгандары Кайратка колдоо көрсөтүштү.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу