Казак ырчысы Кайрат Нуртас өзүнүн инстаграм баракчасына Хан аттуу уулу экөөнүн видеосун жүктөп көпчүлүктүн көңүлүн бурду.
Ырчы: “Аллахка чексиз шүгүрлөр. Уулум, ханым, мураскерим”, — деп жазган.
Бул видеороликте Кайрат Нуртас кезектеги гастролго Усть-Каменогорскиге уулу менен барган. Концерттен кийин уулу экөөнүн жолугушуусунда, ырчынын мойнунан кучактап, өпкүлөп: “Папа король, папа красавчик!” деп айтканы бар.
Ата-баланын эзилишип эркелеткени коомчулукка жылуу пикир жаратты. Кайрат Нуртастын уулу Хан экөөнүн куюп койгондой окшош экендигин көрүүгө болот.
Ата-баланын видеосун бул шилтемеден көрсөңүз болот:
https://www.instagram.com/p/BrDtXgTl0v4/?utm_sourc…
БУЛАК: zaman.kg