Кайрат Кыргыз: «Эркек ырчылар боёнсо, эркек болбой калабы?»

Укмуштуудай имиджи менен кыргыз элине таанымал болгон Кайрат Салмакеев (Кыргыз) жакында эле жергиликтүү телеканалдардын бирине катышкан шоуда «Эркек киши ырчы болгондон кийин боёнуш керек да, эмне боёнсо эле эркек болбой калабы?»- деп билдирди.

Мындай пикири ырчынын имиджине тийишип жүргөндөр үчүн кызуу талкууга жем таштады. Көпчүлүк күйөрмандар соцаилдык түйүндөргө «Эркек эркектей эле болгону жакшы. Бул Кайрат өтө аша чаап кетти. Эркектерге боёнгондун кереги жок же өзүнө жарашпайт, анан да боенуп алат”,-деген сын пикирлерин бөлүшүп жатышат.

Булак: Zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу