Кайрат Кыргыз эми кайрадан Кайрат Салмакеев болобу?

Эстрада ырчысы Кайрат Кыргыз өзүнүн продюсери менен чырдашып жүргөнүн көпчүлүк билсе керек. Эми аткаруучу Кайрат Салмакеев продюсери менен биргеликте даярдаган ырларын такыр аткарбай турганын жар салды.

Ырчы бул тууралуу өзүнүн соц баракчасына төмөнкүдөй жазып чыкты:

-Жаштык кез, жактырам, сүйүү ыры, гүлдөжан, жаштарга ырларын аткарууга эми укугум да акым да жок,- деди Кайрат Кыргыз.

Бул билдирүүнү окугандар Кайраттын чыгармачылыгын сындап киришти. Бири “Киши тааныбай бат өзгөргөн адам бир заматта баарынан кол жууп калат. Сен ошол нерсенин теңисиң,” –десе. Кээ бири “чыгармачылыгың ушуну менен токтоп калбайт, бул жерде сенин продюсериңдин деңгээли төмөн экени көрүнүп калды. Сен дагы бийиктей берчү инсансың”- деп колдогондор да болду.

Эске сала кетсек, Кайрат Кыргыз (Кайрат Салмакеев) менен продюсери Эркин Мээркановдун ортосунда келишпестиктер орун алды. Бул тууралуу маалыматты алып баруучу Элмара Турсуналиева алгачкылардан болуп жарыя кылган эле.

Анын айтымында, Кайрат Салмакеев продюсери менен түзүлгөн юридикалык келишимдин жоболорун одоно бузган.

1.Продюсер сүйлөшкөн иш-чараларга барбай коюуну адат кылып алган.

2. Кесиптештердин-чыгармачыл адамдардын арасында адепсиз мамиле жасаган фактылар катталган.

3. Продюсердин уруксаты жок жеке иш-чараларга баруу менен келишимди бузулган (көп ирет).

4. Продюсер-ырчы мамилесинин этикасын орой бузган.

Буга байланыштуу продюсер Эркин Мээрканов ырчыга төмөнкүдөй талаптарды койду:

— 2018-жылдын 22-августунан тартып, Кайрат Кыргыз- Кайрат Салмакеев, мен ойлоп тапкан жана алып берген сахна кийимдери менен чыгууну токтотот.

— Жазып берген ырларым: o «Жаштык кез» $5000 ыры. Клиптин баасы $1200; o «Жактырам» $2000. Клиптин баасы $1200; o «Гүлдөйжан» $3000; o «Сүйүү ыры» $2000; o «Жаштарга» А.Огомбаев $700 аранжировка.

— Бул чыгармаларды кай жерде болбосун: коомдук жайларда, концерттерде, тойлордо, эл чогулган жерлерде , продюсер жана автор катары ырдоого тыюу салам деген.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу