Кайрат Кыргыз сахнага чыкпай калабы?

Ырчы Кайрат Кыргыз менен продюсери Эркин Мээркановдун ортосунда келишпестиктерден улам чыр чыкты. Бул тууралуу маалыматты алып баруучу Элмара Турсуналиева өзүнүн facebook социалдык баракчасына жарыялады.

«Продюсер Эркин Мээрканов 35 жылдан бери музыка тармагында жемиштүү иштеп келген.Чыгармачылыкта эпатаждуу аткаруучуну жаратуу максатында «эксперимент» катары, Кайрат Салмакеев деген аткаруучуну тандап алган. «Кайрат Кыргыздын» ар бир сахнага чыкканы (уюштуруу иштеринин убарасы жана чыгымдары) эң кымбат убакытты жана каражатты талап кылды.
Азыркы тапта, Кайрат Салмакеев, мени менен түзүлгөн юридикалык келишимди одоно бузду. Продюссер сүйлөшкөн иш-чараларга барбай коюну адат кылып алган. Продюссердин уруксаты жок, жеке иш-чараларга баруу менен келишимди бузган»,-деп жазылат маалыматта.

Бул тууралуу маалымат Элмара Турсуналиеванын өзүнүн facebook баракчасына кеңири берилген.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу