Кайрат Кыргыз Каныкейди туурайбы?

  Жыл аягында интернет алкагында көптөгн талкууларды жараткан Кайрат Кыргыз өзүнүн стили, имиджи менен элди дүрбөлөңгө салып жаткан учуру. Анда көпчүлүк интернет колдонуучулары «Каныкейди туурап жатат. Эркек кишиге ушундай көрүнүш жарашмак беле?»,-деген сындуу ой-пикирлерди байма-бай жазышууда. «Чын эле шоу-бизнестен ордун табуу үчүн ушундай стилге басым жасадыбы?» деген суроо бизде да жаралбай койбоду. Бирок, азыркы коомубузда жөн гана кубулжуган үнүн созуп ырдагандар элдин жүрөгүнөн түнөк таап жатпайбы? Мисалы: Гулжигит Калыков, Омар Жанышов, Мирбек Атабеков сыяктуу эле бар үнү менен ырдап чыкса болмок. Ырчы айым Каныкейди туурабай. Чачы, кашы менен өзгөчөлөгөн  ырчы мырзанын көздөгөнү эмне? Чамасы элдин эсинде калгысы келсе керек. Ал эми ырчы мырза интернет колдонуучулардын ой-пикирлерине жооп кылып: «Мен элге шоу тартуулап, жанылык киргизсем дейм»,-деп өз оюн маек учуруна билдирген. Кызык, элге дагы кандай шоу тартуулап, жанылык киргизет? Чыгармачылык жөндөмү менен жаңылык киргизеби? Же стили, имиджи менен шоу тартуулайбы? Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу