Кайрат Кыргыздын өзгөчө имиджи: Маданият мыктысынын биз билген жана билбеген таланттары (фото)

Колунан комузу түшпөй, музыкага жан дүйнөсүн байлап, эл аралык ири сынактарга катышып келген Кайрат Салмакеев (Кайрат Кыргыз) учурда фольклордук жанрдан эстрада жанрына өтүп, имиджин өзгөрттү. Аны менен кыргыз шоу-бизнесине жаңылык киргизүүнү көздөйт. Ырчы менен аймактык кабарчы таанышты.
Маданияттын мыкты кызматкери К.Салмакеев Бишкек шаарында туулуп өскөн. 1988-жылы 1-класска №5 улуттук компьютердик мектеп-гимназиясына кирип, кошумча П.Ф.Шубин атындагы музыкалык мектебинде Бурулсун Урманбетова жана Ашыралы Айталиевден билим алган. 1999-жылы Кыргыз улуттук консерваторияга барып, комуз жана вокал багытында профессор Улукмырза Полотов жана комузчу Калыбек Жекшеновдон музыкалык билимин жогорулаткан.
«Мен жаш курагымды айтпайм. Апам жакшы ырдайт, ал мугалимдик кесипти бир топ жылдан бери аркалап келген, азыр ардактуу эс алууда. Өзүм маданияттын мыкты кызматкери, эл аралык сынактардын 5 жолку жеңүүчүсүмүн. Кырктан ашык эл аралык сынактардын лауреаты, «Жети-Өгүз аймактык ышкыбоздору эл аралык сынактар» фестивалынын уюштуруучусу жана авторумун.
Түбүм Жети-Өгүздүн Ак-Дөбө айылынан, бала чагым ошол жакта өттү. Ырларды анда-санда чыгарам, көбүнчө жомок, повесть жана аңгемелерди жазам. Комуз менен 300дөн ашык элдик ырларды аткарып келем. Аранжировкаланган ырларым 50гө чукул жана 7-8 клибим бар, көбүнчөсү фольклор жанрында.

   

Эң алгачкы жолу 1-класста сахнада бийлеп, ырдап, жомоктогу каарманды аткарып чыккам. Кийин 2-класста Ж.Шералиевдин мааракесинде ырдап чыккам. Менин чыгармачылыгым мектеп жашымда эле башталган. Чыгармачылыкка эч нерсе түрткү болгон жок, бул менин кесибим катары эмес жөн гана жан дүйнөмдө чогуу келе жаткан нерсе. Апам жакшы ырдагандыктан мен дагы чогуу ырдап жатып, аралашып кеткем», — деди К.Салмакеев.
Анын учурдагы продюсери, стилисти — өзүнүн агайы Эркин Мээрканов.
«Ал менин чоң продюсерим катары эсептейм. Жеке жашоо боюнча маалымат бере албайм, болгону чыгармачылык тууралуу гана айта алам. Азыркы имиджим менен жаңылык киргизейин дедим, — деди ал.

БулаК: turmush.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу