КАЙРАН БЮДЖЕТ: “БАЛЫКЧЫ-КОРУМДУ” ЖОЛУНУН БЫЛТЫР ТӨШӨГӨН АСФАЛЬТЫН КАЙРА СЫЙРЫШУУДА

Былтыр, II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата чыры бүтпөгөн, бир премьер-министрдин “башын жеген” Балыкчы-Корумду трассасынын “показуха” катары төшөлгөн миллиондор коротулган асфальт кайрадан сыйрылууда. Бул тууралуу маалыматтар жакында эле интернеттеги социалдык түйүндөрдө тараган.

Бул маалыматты Балыкчы – Корумду жол курулушуна жооптуу “Лон Хай” ЖЧКсынын башкы инженери Аваз Челеков да ырастап, аны  былтыр, т.а. 2016-жылы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жетишип калуу үчүн эски асфальттын эле үстүнө убактылуу (!) асфальт катмарын төшөп койгонун моюндап, айрым маалымат каражаттарына айтып чыкты.

“Жол курулушунун былтыр бүткөн жеринен кайра улап баштайбыз, ошондуктан ипподромдун жанындагы болгону 30-40 метрдей “кусок”жердеги асфальтты кайра сыйрууга туура келди,” – дейт анда А.Челеков.

Эми элестете бергиле, өзү болгону 104 км жолдун курулушуна 6,9 млрд сом акча каралыптыр. Эми Челековдун “кусок” деп айткан 30-40 метрине эле канча акча кеткен болот?   Мындан да кызыгы, былтыр ошол 104 километрдин 38 гана километри бүткөн, “эгерде Минтранстан акча убагында бөлүнүп турса калган 66 километрин август ичи-көлдүн сезону бүткөндө баштайбыз,”- деп турат А.Челеков.

Эскерте кетсек, башында Балыкчы-Корумду жолун реконструкциялоо 2017-жылдын июнь айында бүтмөк. Бирок, каржылык көйгөйдөн улам жол мөөнөтүндө бүтпөй калган. А каржылык көйгөй минтип чечилбей (“Мегакомду” сатылса ошонун акчасына эсеп кылышкан-ред.) жолдун ар бир метри миңдеген акчаларды талап кылып турса, бул эргулдар болбогон бир “кусок” дешип кайрадан асфальтты сыйрып жатышканы, дегеле былтыр өздөрүн да, бюджетти да алдап кайрадан акча талап кылып турушаны акылга сыябы? Же кыргыз бюджети чоюла бергидей резинабы?

P.S. Айрым маалыматтар боюнча “Балыкчы-Корумду” жолунын чырында былтыр Президенттин сырткы саясат боюнча бөлүм башчысы-аппарат жетекчисинин орун басары, учурдагы ошол эле аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, эртең-бүрсүгүнү Премьер-министр болот деп күтүлүп жаткан Сапар Исаковдун да кулагы чыгууда.

Бул тууралуу кененирээк сөз өзүнчө болмокчу.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу