Кайрадана (Эдичка) Эдил Байсалов: «Атамбаев- президент-заочник»

Эл арасында «президентибиз Алмазбек Атамбаев табигый кырсык болуп, адам өмүрү кыйылып жатса да, кайгыга баткан элге эмне үчүн барбайт?» деген суроо көп айтылууда. Россиянын президенты Владимир Путин суу ташкындап кетсе дагы ошол жерге барып, элден кабар алып, маселени жеринде чечип келет. Биздин президентибиздин мындай кайдыгер кадамын сиз кандай кабыл алдыңыз?

-Андай кайдыгерлигине көнүп деле калбадыкпы. Жылына эки жолу аянтка чыгат ашып кетсе. Ошондо дагы дүйнө жүзүнө шерменде болобуз. Мына Россияда анын еврейлерге «Палестинанын чөлүнөн» чыккансыңар деп улутчулдар айтчу сөздү жеңиш күнү айткандыгы талкууланып атат. Өзүнүн функционалдуу милдеттерин аткарган жок. Президент — бул элдин сим­волу болуш керек эле. Эч кандай боло алган жок. Биз жакшы эле үмүт эттик, анан 2-3 жыл мурун көзүбүз жетип, түңүлгөндө, «Атамбаев- президент-заочник» деп айтканым бар. Ошондой эле элдин эсинде калат эми.

Баян Кулова

Булак: «Жаңы ОРДО»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу