Кайнене менен бирге жашоо…

Чындап эле, кайнене менен келин «достошо» албайбы, алар жаратылышынан ушундай «душман» болуп жаралабы деген суроолор да туулат. Статистикага таянсак, ажырашуулардын бир себеби да ушул кайнене менен келиндин араздашууларынан болот. Биз сиздерге бүгүн психологдордун жети кеңешин сунуштайбыз:

1. Эч качан жолдошуңуздун ата-энесин өзүңүздүкүнө алмаштырбаңыз. Көптөгөн келиндер келгенден баштап эле, кайната менен кайненесин чын ата-энесиндей көргүсү келип, үйдөгү мамилесин уланткысы келет. Эсиңизде болсун, кайнатаңыз сизге ата, кайненеңиз сизге апа болуп бере албайт. Биринчи «алтын» эреже: ар качан жана өмүр бою «экинчи ата-энеңиз» менен ортодогу аралыкты сактай билиңиз. Өтө жакын мамиледе болуу же алыстоо сизге көптөгөн маселелерди туудурат.

2. «Кайнене — душман» деген «макалды» унутуңуз. Бул калп. Күйөөңүздү төрөп, аны тарбиялап жана чоңойткону үчүн сыйлаңыз жана ар дайым жылмайып туруңуз. Эч качан урушпаңыз жана тартышпаңыз.

3. Эгерде күйөөңүздүн үй-бүлөсү менен бирге турган болсоңуз, сый болууну эстен чыгарбаңыз. Алгачкы убакыттарда «көрүнбөгөндөй» болуп жүрсөңүз, сиз жеңишке жетесиз. Сиздин ал шартка көнүшүңүз кандай кыйын болсо, аларга деле сизди бат кабыл алуу жеңил эмес. Ошондуктан, байкалбай жүрүү аракетиңиз сизге чоң түшүмүн берет.

4. Кайненеңизден ар дайым кеңеш сураңыз. Колдон келсе, ашканада ал менен бирге көп убакыт өткөзүңүз. Себеби, көптөгөн эркектер апасынын колунан жасалган тамакты жакшы көрөт. Бекер убакыт өткөзгөнчө кайненеңизден кантип тамак жасаганын үйрөнүңүз. Келечекте сөзсүз керек болот.

5. Эң көп кезиккен каталардын бири — күйөөңүзгө эч качан апасын ушактабаңыз. Керек болсо, «экинчи апаңызды» сынга албоого, анын кыймыл-аракетин айтып берүүгө да болбоорун эске алыңыз. Күйөөңүзгө жамандап жатып, чын-чынына келгенде, өзүңүздү жаман көрсөткөнүңүздү кийин аңдайсыз. Жакында таанышкан күйөөңүз менен болгон мамилеңиз өтө деле узак эмес. Ал эми жолдошуңуз апасы менен төрөлгөндөн бери жашап келет жана ага ишенет. Ошондуктан далилдеп жамандасаңыз да, сизге толук ишенбейт.

6. Эч качан кайненеңиздин көзүнчө күйөөңүз менен уруша көрбөңүз.

7. Колдон келсе, бөлөк-бөлөк жашоого аракет кылыңыз. Бул жагдай сизди көптөген көйгөйлөрдөн куткарат.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу