Кайгуул милициясына жаңы жетекчи келди

ИИМдин Кайгуул милиция башкы башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды. Бул
тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы жетекчи болуп полковник
Каныбек Жумашалиев дайындалды. Ал буга чейин
ИИМдин Транспорт башкармалыгын жетектеп келген.
Мындан сырткары Жумашалиев ички иштер
органдарында 1991-жылдан тарта иштеп келет. Буга
чейин ИИМдин Кайгуул милиция башкы
башкармалыгын Эркин Баев жетектеп келген.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу