Казак тарап эми кара алтынды ооздуктады…

Алдыда кылычын алып кыш келатат. Бирок, биздин жетекчилер аны ойлонууга чамалары келе элек. Себеби мамлекет башчы саясый оюндардан улам оюна келгенди айта салып элди дагы бир көйгөйгө кептеди.

Тагыраагы, быйылкы жылуулук сезонуна карата Казакстан Кыргызстанга келчү көмүр экспортуна чектөө киргизүүнү сунуштады. Мындай сунуш Казакстан Экономика министрлигинен түштү. Бул сунуш Кыргыз тарапка оңбогондой оорчулук жаратаары турган иш болсо да биздин чиновниктер дале сыр бербей турушат. Мына, “Электр станциялар” ААКтын башчылары “Бишкек ТЭЦке казакстандык көмүр алып келүүдө кыйынчылыктар деле жок. Азыркы учурда жылуулук борборунда 261 миң 119 тонна жергиликтүү жана сырттан алынып келинген көмүрлөр бар. Буга чейин Казакстандан 57 вагон көмүр келип түшкөн. Бул болжол менен 3,8 миң тонна болот. Учурда күнүнө 2 миң тонна отун жагылууда”- деп чалды-куйду жүйөө сымак таап чыгышты. Албетте алар жылуу үйдө олтурушат. А карапайым эл кышында кантип үйлөрүн жылытаарын ким ойлонуп атат?

Булак: “Майдан.kg”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу