КАЗАК ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КОРРУПЦИЯЛЫК ИШТЕРДИ АЧЫКТАДЫ

Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин кеңири жыйынында Кыргызстандагы көз боёмочулуктарды ачыктады.

Ал 2015-2017-жылдарга карата Кыргызстан менен Кытайдын бажы статистикасында чоң айырмачылыктар болгонун белгиледи.

Кытайдын статистикасына ылайык, 2015-жылы Кытайдан Кыргызстанга экспорттолгон товарлардын суммасы 4,3 миллиарда доллар деп көрсөтүлсө, Кыргызстандын маалыматы боюнча Кытайдан болгон импорттун көлөмү 1 миллиард доллар деп белгиленген. Айырма 3,3 млрд доллар.

2016-жылдагы 2 өлкөнүн маалыматынын ортосундагы айырма 4,1 млрд доллар.

Ал эми 2017-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча Кытайдын маалыматына ылайык, экспорт 2,6 млрд доллар болгон болсо, Кыргызстандын маалыматы боюнча импорт 900 млн сом деп гана белгиленген. Ортодогу айырмачылык 2,5 млрд доллар.

Ошондой эле Сагинтаев Россия менен Казакстанга салыштырмалуу Кыргызстанга Кытайдан кийим-кече жана бут кийим көп жөнөтүлөрүн билдирди.

2016-жылы Кыргызстанга киши башына 1,3 килограмм кийим ташылса, Орусияга киши башына 0,03, Казакстанга 0,02 килограмм кийим жөнөтүлгөн. Кыргызстанга Казакстанга караганда 65 эсеге, Орусияга салыштырмалуу 43 эсеге көп кийим ташылат. Ошондой эле киши башына, балдарды кошкондо 15 түгөй бут кийим ташылган.

“Бул Кыргызстандын бажы башкаруусунун алсыздыгынан кабар берет. Бирок кыргыз тарап тийиштүү иш-чараларды өткөргөн жок. Мындан улам ЕАЭБ өлкөлөрү кошумча нарк салыгынан 2,68 миллиард доллар жоготту”,-деди ал.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу