Казак жигиттен улам Нурлан менен Аселдин мамилеси бузулдубу?

5-август күнү Асел Кадырбекова менен казак ырчысы Куандык Рахымдын Бишкекте өткөн концертинен кийин Нурлан менен Аселдин күйөрмандарын «Эмнеге Нурлан Насип концертке келген жок?» деген суроо көпкө түйшөлттү. Шоу чөйрөдө «Нурлан кызганычтан улам концертке келбептир, экөө таарыныша кетиптир» деген сөздөр айтылып жатты. Бирок бул тууралуу эки тарап тең ооз ачкан жок. Кызыгы, Нурлан Насип сентябрь айында өтө турган жеке концерти тууралуу жарыялады. Ал казак элинин жарык жылдызы, Төрегали Төреали менен бирге «Алло» аттуу дуэтти аткарган Ерке Есмаханды конок катары чакырганы белгилүү болду. Ал эле эмес, экөө жаңы дуэттин үстүндө иштеп жаткандыгы тууралуу кептер айтылууда. Бул маалыматтар социалдык тармактарга тараганда эле шоу чөйрөдө «Бул Нурландын Аселге жообу» деген сөздөр желдей тарады. Нурландын бул кадамын атаандаштык же кызганычтан улам жооп катары талкуулабай, кыргыз менен казактын маданий карым-катышын жакшыртып жаткандарын мактоого алуу туура.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу