Казак бийлиги неге акты кордоп атат, же бирди көрөөрдүн белгисиби?

Казакстандын Алматы шаарында Кыргызстандан барган сүт азыктарынын үч түрүн чогултуп туруп, таштандыга таштап жок кылышканы маалым болду. Жалпысынан 127,8 килограмм сүт азыктары жок кылынган экен.

Бул кадамды кандай бааларыбызды да билбей калдык. Себеби, кыргыз эли эзелтеден акты сыйлап келген калк болгон. Эзелтеден ошол сүт азыктары менен оокат кылып, улуттук тамак-аштарыбыз да негизинен сүт азыктарынан жасалган. Сүттү эч качан төккөн эмес, негизи эле азык-түлүктөргө кор мамиле жасабаган.

Ал эми Нурсултан Назарбаев башында турган казак бийлигинин бул жоругу «өз башыңарга көрүнсүн» деген сөздү гана айттырат. Тээ 1930-жылдары ачарчылык алка-жакадан алып турганда кыргыздар дал ушул сүт азыктары менен миңдеген казактарды ачкалыктан улам өлүп калуусунан сактап калган эле. Бүгүн аны Назарбаев эсине да алып койгусу келбейт. Актын кусуру урса жаман. «Чөптү кордосоң, көзүңө кирет» дейт элибиз. Андыктан Елбасы өз элине жамандык каалабаса, бул жасаган иши үчүн эртерээк элден кечирим сурап, кыйшык бараткан кадамын оң жолго салаар.

Булак: egemen.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу