Казак актрисасы Баян Максат кызынын бийи катуу сынга кабылды…

Казакстандын белгилүү продюсери, актриса, ырчы, алып баруучу Баян Максат кызы бийлеген видеосун интернет баракчасына чыгарып, элдин сынына кабылды.

Ал бийлеген видеосун жүктөп, сынак уюштурганын жазып:

“Бул видеодо мен мас эмесмин, болгону сынактын талабына ылайык,бийчини дал өзүндөй кылып туурап бийлөө талабын аткардым. Бийлегенден уялбайм, менин актерлук чеберчилигимди жогору баалашты. Силер дагы жаныңарда эч ким жок сыяктуу бийлеген видеоңорду жүктөп, ага #баянмененбийле# хэштегин жазып, сүйүшкөндөр күнүнө карата эки кишилик кечки тамактануу утуп алыңыз»,- деп жазган.

4 5 жаштагы Баян Максат кызынын видеосу бир күндө эле 100 миңден ашуун көрүүчүлөрдү топтой алган. Арасында аны сындап урушкандар да, мактап жакшы пикир жазган билдирүүлөр да болду.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу