Казакстан менен Кыргызстан каттоосуз жүрүү мөөнөтүн узартышты

15-июлдан тарта Кыргызстан менен Казакстан жарандарынын эки өлкөдө жүрүү тартиби тууралуу кол коюлган протокол күчүнө кирди.

ТИМ тараткан маалыматка ылайык, 15-июлдан тартып Кыргызстандын жарандары Казакстандын аймагында 30 календарлык күнгө чейин каттоосуз жүрө алышат. Мурда мындай каттоо мөөнөтү 5 күн болуп эсептелчү.

Кыргызстандын жараны Казакстандын аймагында 30 календарлык күндөн ашык жүргөн учурунда Казакстандын ИИМинде каттоого туруусу зарыл.

Кыргызстандын жарандары Казакстандын мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып 90 календарлык күндөн ашпаган мөөнөткө катталат жана ушунча мөөнөткө узартылышы мүмкүн.

Ушундай эле эрежелер Кыргызстанга кыска мөөнөткө келүүгө ниеттенген Казакстандын жарандарына карата да колдонулат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу