Казакстан БШКнын мүчөсү Кыргызстандагы шайлоого эмнеге келбээрин айтты

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Марат Сарсембаев президент
Алмазбек Атамьаевдин айткандарынан улам, Кыргызстандагы шайлоого байкоо
салуудан келүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Tengrinews.kz. маалымат сайты жазды.

«Алмазбек Атамбаев Казакстанды Кыргызстандагы шайлоого аралашып жаткандыгын айтып,
айыптады. Андыктан, бизди өлкөгө карата кандайдыр бир көлөкө түшүрө турган шек жаратуудан
алыс болуш үчүн мен Бишкекке баруудан баш тартам», — деди ал.
Марат Сарсембаевдин сунушун кесиптештери колдоду.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу