Казакстандын элчилиги Курманбек Бакиевге чогултулган ич кийимди кабыл алган жок

Бүгүн, 30-ноябрда активисттер Курманбек Бакиевге чогултулган ич кийимдерди берип жиберүү үчүн Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына чогулушкан. Бирок алардын аманатын элчиликтен эч ким чыгып кабыл алган жок. Бир аздан кийин чогулгандарга милиция митинг өткөрүүгө тыюу салынганын эскертип, аларды таратып жиберди.

Активисттердин бири аманатты элчилик кабыл албаган соң почта аркылуу жиберишерин билдирди.

Жарандык активисттердин айтымында, алар Курманбек Бакиевдин «2010-жылы революциядан кийин Кыргыз мамлекетинен чыгып кеткенде эч нерсе алып кеткен эмесмин, керек болсо ич кийимимди да тоноп кетишкен» деп айтканына ачууланып жатышат.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу