Казакстандык улакчылар Красноярск жана АКШ командалары менен беттешет

Бүгүн, 5-сентябрда Ысык-Көлдө өтүп жаткан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көкбөрү боюнча таймашка казакстандык команда чыгат. Казак командасы Красноярск жана АКШ командалары менен беттешмекчи.

Буга чейин Казакстандын көкбөрү командасы III таймашка катышпай турганы айтылган. Казакстандык улакчылар 3-сентябрда Орусиянын Красноярск командасы менен беттешмек.

Бирок алар оюнга келген эмес. Кийинчерээк Кыргызстандын Көкбөрү федерациясы казак тарап «биздин эреже менен өткөргүлө» деген талап коюп, ошонун айынан пикир келишпестиктер болгонун билдирген.

Тараптар мунаса таап, 5-сентябрда оюнга чыгууну чечкенин кабарлаган.

2-сентябрда башталган үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Чолпон-Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда 8-сентябрга чейин уланат. Ага жетимиштей өлкөдөн үч миңге жакын спортчу катышууда. Алар спорттун 37 түрүнөн күч сынашат.

Жалпысынан 594 медал ойнолот. Анын 174ү алтын, 173ү күмүш, 247си коло. Жалпы байге фонду 28 миллион сом деп бекитилген.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу