Казакстанда өрттөнүп кеткен автобустун 3 айдоочусу камакта!

Казакстандын Актөбө облустук прокуратурасы бул тууралуу 25-январда жарыялады. Камакка алынган айдоочулар казак жарандары. Алар автотранспорт каражатын эксплуатациялоонун, өрт коопсуздугунун эрежелерин бузган деп айыпталып жатышат. Расмий маалыматка караганда, тергөөдө автобусттун өрттөнүп кетишине анын ичин жылытуу үчүн май куюлган лампа колдонулганы себеп болгону аныкталды.

Эскерте кетсек, бул кырсыктын себебин аныктоо максатында атайын комиссия түзүлгөн. Аталган кырсыктан 52 адам көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу