Казакстанда дагы бир автобус тоңуп калды!

Ичинде Кыргыз өлкөсүнүн жана Тажикстандын жарандары болушкан Казакстанда жолдо сууктан улам бузулуп калган автобустун ичинде калгандар куткарылды. Окуя 24-январь күнү эртең менен Кызыл-Ордо-Павлодар унаа жолунун 47-чакырымында болгон. Анда Van Hool үлгүсүндөгү автобустун майы тоңуп калган. «Автобустун ичинде жалпы 81 адам болгон. Алар Кыргыз өлкөсүнүн жана Тажикстандын жарандары болушкан. Куткаруучулар жардамга барышып, жүргүнчүлөр №1-автобустук парктын имаратына жайгаштырылган. Жабыркагандар жок», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Казакстанда ичинде Кыргыз жарандары бар автобус тоңуп калганы айтылган. Автобус Акмола облусунда Жалал-Абад-Пермь-Москва багытында бара жаткан. Анын ичинде 22 Кыргыз жараны болгон.

Булак: «NazarNews.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу