Кадыр Токтогулов Кыргызстандын АКШдагы элчисинин кызматынан бошотулду

Кадыр Токтогулов Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчисинин кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгону президенттин расмий сайтына 14-январда жарыяланды.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз катчысы болуп иштеген Кадыр Токтогулов Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп 2014-жылдын 31-декабрында дайындалган. 2016-жылдын 24-февралынан тартып Кыргызстандын Канададагы элчисинин кызматын да кошо аткара баштаган.

Өткөн жумада Орусияга, АКШга, Кытайга жана Түштүк Кореяга элчилик кызматка көрсөтүлгөн жаңы талапкерлердин тизмеси Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү.

АКШдагы элчилик кызматка Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаевдин, Орусияга элчиликке мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун, Түштүк Кореяга тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелованын, Кытайга азыркы элчи Канайым Бактыгулованын талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети элчилердин талапкерлигин 15-январда карайт.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу