КАДЫР-БАРКТЫН КОРГООЧУСУ КАРАМУШКИНАБЫ?

КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинде Интернетте президент Сооронбай Жээнбековду жана экс-президент Алмазбек Атамбаевди атайын каралоо жүрүп жатат деп айтып чыкты. Анын пикиринде социалдык тармактардагы айрым топтордо президент менен экс-президенттин ар-намысына шек келтирген билдирүүлөр жарыяланып жатат.

– Буларга чара көрүү боюнча мага бир катар жарандар кайрылды. Мен болсо коопсуздук жана коргонуу комитетинде бул маселени УКМКга жеткирдим. Алар чара көрүлүп жатканын айтышты, – деген Карамушкина.

Ирина Карамушкина мындан сырткары социалдык тармактарда диний радикалдар, улутчулдар конституциялык түзүлүшкө шек келтирип, айрым жарандарды коркутуп-үркүтүп жатканын кошумчалаган.

Эске салсак, бул сыяктуу билдирүүлөрдү КСДПчы депутат маал-маалы менен көтөрүп чыгып, УКМК ага удаа аракеттерди көрө баштайт. Коомчулук бул билдирүүдөн улам Ирина Карамушкина «Карамушкина эл өкүлүбү же өлкө башчыларынын кадыр-баркын коргоочубу » деп талкууга алышууда.

Булак:Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу