Кадыров 4000 жолу жерден түртүлгөн 5 жашар балага Mercedes белек кылды. Видео

Рахим Куриев 2 саат 26 мүнөттүн ичинде тыным албай туруп 4105 ирет жерден түртүлүү көнүгүүсүн жасаган.

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров 4000ден ашуун ирет жерден түртүлүү көнүгүүсүн жасаган беш жашар балага ак түстөгү Mercedes үлгүсүндөгү унаа белек кылды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Чеченстандын дене тарбия жана спорт министрлигинин башчысы Муса Ханариковдун айтымында, беш жашар Рахим Куриев 2 саат 26 мүнөттүн ичинде тыным албай туруп 4105 ирет жерден түртүлө алган.

Бирок Россиянын рекорддор китебинин өкүлдөрүндө бир катар суроолор жаралып калгандыктан, көрсөткүч катталган эмес.

Кадыров кичинекей Рахим менен жолугушуу учурунда жаш спортчу рекордун кайталай аларына ишене турганын айтып, «комиссия мүчөлөрүнүн санап чыкканга чыдамы жетсе экен» деген.

«Бул унааны сага Ахмат-Хаджи Кадыров кайрымдуулук фондусунун жетекчиси Аймани Кадырова берип жиберди. Атаң сени ушул унаага салып алып ташысын. Ак «Мерседесте» жүрүүгө татыктуусуң!» — деди Кадыров.

Рахим Чеченстан башчысына беш миңден да көп жолу жерден түртүлүү көнүгүүсүн жасай ала турганын айтып, жөндөмүн жаңы унаанын капотунан да көрсөтүп берген.

Булак: Спутник

Аргумент.kg
Жооп калтыруу