Кадырбаев камалабы?

Эсеп палатасы 2015-жылдын 1-июлунан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөт боюнча аудит жүргүзүп, Ош шаарынын бюджетинин түзүлүшүн жана аткарылышын текшерип, 17,3 миллион сом суммадагы каржылык мыйзам бузуу болгонун аныктады. Тактап айтканда, текшерүүнүн жүрүшүндө командировкага кеткен чыгымдар 100 миң сомго, курулуш иштери-12,9 миллион сомго жогорулатылып көрсөтүлгөнү жана 100 миң сом бюджеттик каражаттар максатсыз пайдаланылганы аныкталган. Каржылык мыйзам бузуулардын кесепетинен 1 миллион сом маяна катары негизсиз берилген. Дебитордук насыялык каражатты 2,3 миллион сомго жогорулатып көрсөтүшкөн. Демек, мындай кыңыр ишке Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жооп берүүгө тийиш.

Булак:Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу