Кадырбаевдин орду кимди түйшөлтүп жатат?

Өлкөдөгү экинчи борбор катары саналган Оштун кожоюну болгондордун артынан дайыма ат тезеги кургай электе имиштер чыгып турганы бекер жерден эместир? Кичине эле төбөсү элге көрүнүп калгандар ушул ири шаардын мэри болууга “мээримин” төгүүгө даяр. Аттиң, бирок антүүгө баарынын эле чама-чаркы бап келбейт. Ал тактынын ээси болуш үчүн опол тоодой колдоочуң болушу шарт. Болбосо ал канаттуу кыялың ишке ашпайт. Мен деген кыйындарды эрөөлгө чыгарган бул майлуу кызматты эңшерип алуу өтө оор.

Убагында безип кеткен мартабалуу адамдын ишаараты аркылуу мэр болгон Мелис Мырзакматовдун доору куп сүрдү. Ал көпкөндүгүнөн убактылуу өкмөттүн башчыларын тоотпой өз билгенин жасаган. Ал тургай боюн көтөрүп, теңсинбей мамиле кылганын журтчулук баамдаган. Тилекке каршы бийликтин укуругу узун экени акыры тастыкталып, шайлоодо өз адамдары сатып коюп атаандашына уттуруп жиберген. Аргасы куруган Мелисбай “тигинисин”кыпчыган бойдон жоголду. Андан бери кыйла суу агып, көп өзгөрүүлөр болуп кетти. Учурда Мырзакматовду кеп кылган жанды табалбайсың.

Ал эми Оштун мэри Айтмамат Кадырбаевдин ишинин жыйынтыгына жылуу пикирлер арбын. Акыйкатында көптөгөн долбоорлор аягына чыгарылды. Камчы салдырбай эле иштеп келатат. Антсе да акыркы айларда анын “арыгындагы” сууну ылайлоого бет алгандардын дүбүртү чыкканы жөн жерден болбогондур? Кантсе да жаңы бийликтин келгенине таянып ар кандай амалды колдонуп Кадырбаевдин түз бараткан “кемесин” аңтара салууга кызыктарлар болуп жатканы ырас. Түштүктүн борборуна сугун артып калгандар жалгыз эмес, бир нече деп койсок да эмнеге болбойт? Мындай интригалар бүгүн эле токтоп калат дегендин өзү калпыстык. Тирүүчүлүктө түркүн түстөгү амалдар колдонулат.

А чынында Айтмаматтын кадамдарын аныктасак жаман ой жаралбайт. Тигинтип жеп коюптур, чыканагын салып жибериптир, баланча деген каражатты неге казынага салбайт деп наалыгандардын кептерине тийиштүү тармактар жооп берсин. Ышкыра берсек тилегенибиз аткарылат дегендин өзү куру кыялга кептейт.

Булак: «Ачык сөз»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу