Кадрдык жүрүштөр башталдыбы?

Өлкөдө жаңы президент шайланып, эл жүгүн аркалоочулар арасында бир орундан экинчи орунга котормой иши башталды көрүнөт. Дегеним, кечээ Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов кызматынан бошотулуп, тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы кол койду.

Болсунбек Казаков Мамлекеттик мүлк башкаруу фондунун төрагасы кызматынан бошотулду. 23-ноябрда Жалал-Абад шаарынын мэри болуп кайрадан Салайдин Авазов шайланды. Толкунбек Абдыгулов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, вице-премьер-министр болуп дайындалды. Маалым болгондой, тиешелүү жарлыкка Алмазбек Атамбаев кол койгон.

Булак: Де-Факто

Аргумент.kg
Жооп калтыруу