Кадижан Максутова, Садыр Жапаровдун апасы: «Алла берген сыноону Садырым абийирдүүлүк менен басып өтүп калды деп ишенемин…»

Белгилүү саясатчы, абийир туткуну Садыр Нургожоевич Жапаровдун апасы 76 жаштагы Максутова Кадижан апа менен маек.

— Садыр узак мөөнөткө кесилип, азыр түрмөдө отурат. Уулуңузудун азыркы тагдырынан улам акыбалыңыз кандай?

— Кандай болмок эле — ​жеңил эмес. Баланын азабын эне заты дайыма тартып келген эмеспи. Баштапкы учура абдан эле оор болду. Булганган бийликтин абышкамдын өлүмүн тездетип жибергендиги айрыкча өкүнүчтүү. Эмне кылайын, тагдыр экен. Мени жыгыта койбой жөлөп-таяп келаткан нерсе — ​уулумдун Кудай алдында, карапайым калк алдында жүзү жарык экендиги. Мен буга Жараткан Алла-Таалама ишенгендей эле ишенем.

— Нургожо ажы ава менен канча уул-кызды тарбиялап өстүрдүңүздөр?

— Аваң менен 55 жыл турмуш куруп, жараткан бизге 11 уул-кыз берди. Баарын үйлөп-жайладык, уядан учурдук дегендей. 6 уул, 5 кыздан 36 неберелүү, 5 чеберелүү болдук.

— Уул-кыздарыңыздын ичинен кимисине өзгөчө көңүл бурчусуз?

— Кенже уулум Аскарбегим өзгөчө жакын эле. Азыр да көкүрөк күчүгүм үчүн жүрөгүм үзүлүп турат. Ошонун колундамын.

— Садырыңыз бала чакта кандай эле?

— Бала кезде күйүмдүү, ак жүрөк, ишенчек, далдаңбай бала болчу. Ал учурда бүгүнкүдөй кир жуугуч машинка жок болгондуктан, суу жылытып, мага кошулуп кир жуушчу. Апа деп жадырап, дайыма жакшы көрүп турчу. Чоңойгондо, депутат кезинде, жетекчи кызматтарда иштегенде ошол мүнөзүнөн жазган жок.

— Калган уул-кыздарыңыздан Садырыңыздын дагы кандай өзгөчөлүктөрү бар эле?

— Өзгөчөлүктөрүн айттым окшойт. Эми окшош жактарын айтайын: уул-кыздарымдын баары тең жакшы жана эң жакшы деген бааларга окушту. Айрыкча математика сабагын жалаң “бешке” өздөштүрүшкөн. Тартиптүү болуп чоңоюшту. Баары жогорку билимге ээ болушту. Бейиши болгур аваң ажыга барган, беш убак намазынан жазбаган, тууган-урукка күйүмдүү, тааныган-билгендин баарына үлгү болгон инсан эле. Уул-кыздар, келиндер, күйөө балдар баары намаздарын жазбай окушкан ыймандуу жаштардан экендиги да абышкамдан уламбы деп коём.

— Балдарыңыздын мушташкан, милицияга жеткирилген учурлары болгонбу?

— Андай учурлар болгон эмес. Балдарым кимдир-бирөөлөр менен гана эмес, бир үйдө чоңоюшуп, өз ара деле мушташышкан эмес. Күйгөн жерим — ​зулум бийликтин Садырымды Көлдүн губернатору Каптагаевди барымтага алууну уюштурду, аны өлтүрүүгө аракеттенди, бийликти төңкөрүүгө элди көтөрдү деген сыяктуу жалааларды жапкандыгын айтпайсыңбы.

— Негизги жабырлануучу болуп эсептелген Каптагаев журналисттерге берген жоопторунда, сотто берген көрсөтмөлөрүндө Садырдын жогорудагы айыптоолорго таптакыр тиешеси жок экендигин көп жолу айтты го?

— Ооба, абийири бар, уят-сыйыты бар, Кудайдан корккон киши экен, туурасын айтып чыкпадыбы. Эмне кылайын, тагдыр деген ушул болсо… балдарымдын бири да андай кылмышка барбастыгына Кудайга ишенгендей эле ишенем. Айрыкча Садырыма…

— Гезит аркылуу коомчулукка айтар кандай тилегиңиз бар?

— Дайыма эртең мененки саат 6.15те багымдатка турганда намазды аяктап жатып элиме тынчтык, жаңы бийликке калыстык, тазалык тилеймин.

— Садырыңызгачы?

— Айланайын Садырым күн-түн дебей дайыма оюмда, жүрөгүмдүн эң жылуу жеринде турат. Мен энемин да. Элде тынчтык болсо, бийликте калыстык болсо гана жалаага кабылып, ак жерден күйгөндөр менен кошо айланайын балам да бошотулат эмеспи.

— Баланын азабынан өлүп кеткендерди, акыланан ажырап калгандарды көргөнбүз…

— Баланын башына түшкөн азап, болгондо да жалаанын негизинде кабылган азап биринчи кезекте ата-энени жыгытат эмеспи. Абышкам, эл көрүп-билип тургандай, балама жабылган бийликтин жалаасына ууланып калбадыбы.

— Небере-чеберелериңиз тууралуу кыскача айтып өттүңүз. Келиндериңиз жөнүндө эмне айта аласыз?

— Келиндериме рахмат. Үй-бүлөдөгү ынтымактын, ырыскы-берекенин туруктуулугуна аял киши себепкер жана жоопкер. Баары жакшы. Жакшы жердин кыздары. Уул-кыздарымдан айырмалары жок. Кээде кыздарымдан да жакшы көрүп кетем.

— Татынакай неберелерди төрөп берип отурушса…

— Ооба. Сапаттуу неберелерди төрөп, күйөөлөрү менен кошо чарчабай-чаалыкпай, турмуштун арабасын чогуу тартып келатышса, кантип боорума тартпайын…

— Казан-аяк кагышпай койбойт дегендей, келиндериңиз менен ыркыңыз келишпеген учурлар болдубу?

— Айтсам ишенбейсиң го. Бирок, андай учурлар болгон жок. Алардын турмуштарына кийлигишкен учурларым болгон эмес. Болгону келиндерим биздин босогону аттаган сааттарда эле ак батамды берип жатып, кеминде 5тен бала төрөөсүн талап кылчумун.

— Талабыңыз ишке аштыбы?

— Кудайга шүгүр, ишке ашып эле келатат.

— Садырыңыздын жакынкы учурда боштондкукка чыгаарына ишенесизби?

— Ишенбей анан. Ишенем да. Кудай бар, демек, акыйкат бар. Алла берген сыноону Садырым абийирдүүлүк менен басып өтүп калды деп ишенемин…

— Элге айтайын деген дагы кандай сөзүңүз бар, апа?

— Элден айланса болот. Элге рахмат. Карапайым элден гана эмес, кызмат адамдарынан да, саясатка аралашпаган кишилерден да Садырымды туура түшүнгөн, жакшынакай каалоолорду билдирген СМС-каттар келүүдө. Дагы бир айта кетчү нерсе — ​тажик, өзбек, казак туугандардан гана эмес, Орусиянын, Европанын, Американын көптөгөн өлкөлөрүнүн жарандарынан да тилектештик билдирген телефон чалуулар болууда. Калк айтса, калп айтпайт дегени ушул да…

Маектешкен Номанжан АРКАБАЕВ

Булак: Жаңы Ордо

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу