Кадамжайда кармалбай жаткан адамдын окуялары мифке айланып, жалган маалыматтар таралууда, — милиция

Кадамжай районунда жергиликтүү тургундар менен милиция кызматкерлери издеп жаткан С.Абдумалик табыла элек. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, С.Абдумалик Баткен районунун Таян айылынын 1972-жылы туулган тургуну. Ал 9-сентябрь күнү саат 22:15 чамасында Бирлик айыл аймагынын Кичи-Айдаркен айылында 32 жаштагы А.Г. аттуу аялды эч бир себепсиз уруп качып кеткен. С.Абдумаликтин туугандары анын психикалык жактан жабыркап жүргөндүгүн билдиришкен. Бүгүнкү күндө милиция кызматкерлери менен жергиликтүү тургундарга анын туугандары да кошулуп издөө иштерин жүргүзүүдө.
«Бул адам мифке айланды. Ал болгону психикалык жактан ооруган адам. Курсагы ачканда гана айылдарга түшүп, үйлөргө кириши мүмкүн. Бир аз каршылык көрсөткөнү менен, адамдарды муунтканы жалган. Эл дүрбөлөңгө түшүп, кошумчасы менен маалыматтарды таратып жатат. Учурда кармала элек», — деди милиция кызматкери.
Изделип жаткан С.Абдумалик

Окуя тууралуу:
Буга чейин Кадамжай районунун Жаңы-Коргон айылында 500гө жакын жергиликтүү тургундар менен милиция кызматкерлери С.Абдумаликти издеп чыгышкан.
Милиция изделип жаткан С.Абдумалик Баткен районунун Таян айылынын 1972-жылы туулган тургуну экендигин билдирген. Ал 9-сентябрь күнү саат 22:15 чамасында Бирлик айыл аймагынын Кичи-Айдаркен айылында 32 жаштагы А.Г. аттуу аялды эч бир себепсиз уруп качып кеткен.
С.Абдумаликтин туугандары анын психикалык жактан жабыркап жүргөндүгүн билдиришкен. Бүгүнкү күндө милиция кызматкерлери менен жергиликтүү тургундарга анын туугандары да кошулуп издөө иштерин жүргүзүшкөн.

Жергиликтүүлөр изделип жаткан адам узун бойлуу, сакалы өскөн киши экендигин айтышкан. Дайыма башын бекитип жүрөт. Элеттиктер аны бүгүн дагы айылдан көрүшкөн. Алар анын ысымын, кайдан келгендигин билишпейт.
Мурда Кадамжай районунун Кичи-Айдаркен айылында психикалык жактан жабыркаган чоочун эркек киши үйлөргө кирип жүргөнүн жергиликтүү тургундар билдиришкен.
Алар милицияга кайрылышкан. 10-сентябрь күнү дагы ал киши Кичи-Айдаркен айылындагы үйгө кирип, үйдөгү аялдын мойнунан жип менен муунта баштаган. Аял кыйкырган кезде качып кеткен.
«Ал адам күтүүсүздөн үйлөргө кирип, курсагын тойгузуп кетет. Эч нерсени уурдабайт. Психикалык жактан жабыркаган адам», — дешкен тургундар.

Бул окуяларга чейин Turmush басылмасына өздүк булактар жогоруда аталган С.Абдумалик Таян айылынан 5-июлда дайынсыз жоголгондугун билдиришкен. Тургундар аны бир нече ирет кармоого аракет кылышканы менен карматпай качып кеткен.
Кошуналарынын айтымында, ал тоо тарапка чыгып кеткен. Туугандары өз алдынча издеп, жыйынтык чыкпагандыктан 11-июлда милицияга кайрылышкан.
ӨКМдин кызматкерлери менен жергиликтүү тургундар аны Таян айылынын күн чыгыш тарабындагы тоолордон издеп, табышкан эмес. Милициядан 10 кызматкер, жергиликтүү элден 30 адам издөө иштерин жүргүзгөн.
С.Абдималик үй-бүлөлүү болгон. Биринчи аялынан 2 баласы бар. Аны менен ажырашып, экинчи жубайы менен 3 балалуу болушкан.
19-июлда дайынсыз жоголгон С.Абдималикти издөө аракеттери токтотулгандыгы белгилүү болгон. Куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп, бирок натыйжа болбогондуктан 18-июлда анын туугандарынын жазып берген катынын негизинде издөө иштери токтотулганы маалымдалган.

Булак: turmush.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу