КАДАМЖАЙДА БИР ҮЙ-БҮЛӨ ТОЙДОН КЕЛГЕН ЭТТИ ЖЕП УУЛАНЫШТЫ

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей,  Кадамжайда бир үй-бүлө тойдон келген этти жеп ууланышты.

Маалым болгондой  кечээ, 22-майда Кадамжай аймактык ооруканасына тамак-ашка ууланган үй-бүлө жубайлар жана 3 баласы жеткирилди. Охна айылынын тургуну 21-майда тойго барган. Тойдон желим баштыкка салынган эт алып келген. Үй-бүлөсү менен этти кечинде жеп жатып алышкан. Эртен менен саат 6:00 чамасында бардыгы кусуп, ичтери ооруй баштаган.

Саат 7:45те Кадамжай аймактык ооруканасына кайрылышкан. Үй-бүлө медициналык жардам алып, азыр абалдары канаттандырарлык.

Министрлик азыр күн ысыгандыгына байланыштуу тамак-ашка уулануу кооптуулугу күч экендигин эскертет.

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу