Кагаз акчанын зыяны тууралуу…

Кызыктуу изилдөөнү бир нече жыл мурда Оксфорд университетинин окумуштуулары жүргүзүшкөн. Алар кагаз акчада кандай зыяндуу микробдор болоорун аныкташкан. Европа өлкөлөрүнүн банкнотторунда орточо эсеп менен 26 миң бактерия өмүр сүрөрү аныкталган. Алардын ичинде «экологиялык жактан таза» делгендер евро (11 000 ), норвегиялык крона (11 700) менен британдык фунт стерлинг (18 000) болуп саналды. Буларда бактериялардын аз болушунун себеби аталган банкнотторду чыгарган кезде микробдорго каршы атайы зат менен тазалашкан.

Микробиологдор кагаз акчада ичеги таякчалары, туберкулез, безгек жана тери ооруларын пайда кылган бактериялар бар дешет. Ошондуктан акча кармагандан кийин колду милдеттүү түрдө самын менен жууңуз.

АКШ долларынын 90 пайызында бул бактериялар менен бирге кокаин калдыктары да болоору аныкталган.

Канткенде банкноттордун адам ден-соолугуна зыянын жоюга болот деген суроого азыркы учурда көптөгөн өлкөлөрдүн окумуштуулары жооп издешүүдө.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу