Кабылбек кызы Сайкал, модель,бийчи: «Өзүнө тыкан, келишимдүү, жан-дүйнөсү таза мырзалар менин табитимде»

Өзүнүн жаш болгондугуна карабай ,  келечекке койгон максатына  умтулуп,  бир убакытта сулуулугуна  кам көрүп, моделдик чөйрөдө жүргөн Кабылбек кызы Сайкал  “argument.kg” сайтында  конокто.  Бир гана моделдик чөйрө менен  гана чектелбестен, бий жаатында да алектенип, өзүн ар тараптуу көргүсү келген Сайкал айым өзү  туралуу  маегибиздин алкагында айтып өттү.

Толук аты жөнү- Кабылбек кызы Сайкал

Жаш ченеми? –20

Жылдыз төлгө? –Букачаар

 Билими? Кыргыз Авиациялык колледжинде окуйт

 Жердиги? Ысык-Көл

 Иштеген жериңиз?

-«UP Models” моделдик агентствосунда фото моделмин. Андан тышкары хареограф болуп да эмгектенем. Жакында буюрса өзүмдүн жеке студиямды ачайын деп пландап жатам.

 Жер которууга даярсызбы?

— Мен өзү саякаттаганды абдан жакшы көрөм. Эгер мүмкүнчүлүк болсо барып, эл-жер көргөнгө эмнеге болбосун. Өзүбүзгө ачылыш жасай билишибиз керек да.

Жашоонун күтүүсүз белектерине даярсызбы?

   

-Албетте даярмын. Ушул аз жашоомдо   жашоонун кутүүсүз белектерине көп кабылдым десем болот. Балким ошондуктан мындай нерселер мени таң калтырбайт.   

Кайын журт менен бирге түтүн булатууга кандай карайсыз?

-Бул маселеде менде эч кандай каршы пикир жок. Жакшы гана көз караш менен карайм деп айтсам болот. Буюрса келечекте жолдошумдун үй-бүлөсу менен чогуу жашай турган болсок, мен өзүмдүн ата-энемди, бир туугандарымды кандай сыйлап сый көрсөтсөм дал ошондой сый көрсөтүп алам.

Мыкты аялзаты кандай сапаттарга ээ болушу керек?

-Мыкты аял ар кайсы тармакта, ар кайсы көз караш менен мыктылыгын көрсөтө алат. Аял деген эң биринчи чыдамкай, түшүнүктүү болсо калган тоскоолдуктардан оңой өтө алат деп эсептейм. Ар кимибизге өзүбүздүн апабыз мыкты көрүнөт эмеспи, ошондуктан мен апаман үлгү алам.

 Жан дилиңиз менен даярдаган даам?

-Мен үй-бүлөдө эрке кызмын. Бирок, эркелигиме карабай баардык аялзатына тийиштүү болгон оокаттарды кыла алам. Колуман келет. Ашканага келсек, көп деле тамак жасай бербейм. Эгер жасай турган болсом абдан даамдуу кылып жасайм деп айта алам.

 Чыныгы мырза сиздин көз караш менен?

-Эркек деген- эркекке тийиштүү касиеттерге ээ болушу керек. Оор басырыктуу, сөзүнө турган, сылык болсо эркекти эки эсе бул сапаттар көркүнө чыгарат десек дагы болот. Ал эми өзүн тыкан алып жүргөн, ички дүйнөсү менен сырткы дүйнөсү дал келген келишимдүү мырзалар менин табитимде.

Алтынга тете мүнөзүңүз?  

-Кандай гана жагдай болбосун бетке айтып ачык сүйлөгөн адаммын. Кичинебизден бизге ушундай тарбия бериптир, кишинин артынан сүйлөбөйм. Абдан эле ак көңүлдүк жагым бар

 Сөзгө бексизби?

— Эгер адамга сөз берсем анда сөзүмө турам.

Өзүңүз жөнүндө кызыктуу фактылар?

-Ар дайым жолугушууга кечигип барам, даяр болуп турсам деле. Мени 1,2 эле эмес 4,5 сааттап күткөн адамдар болгон. Эмнеге экенин билбейм, бирок, мырза сүйүктүүсүн күтүш керек го деп ойлойм.

Ачык айрым мүнөзүм бар. Ичимдегини айта берем. Бирок, бир гана апама. Күнүм кандай өткөнүн, кимдер менен жолукканымды, кандай окуялар болгонун апам билип турат.

Кичине кезимде балерина болгум келчү, биринчи же экинчи класс болсом керек. Апам бул кыялымды орундатыш үчүн курска алып барган. Анан эле ал жактан мен “шпагатка” отура албай койгом да, “кызыңыздын шыгы жок экен”,- деп мени кабыл албай коюшкан эле. Ушул сөз менин намысыма абдан тийген экен ошол түнү машыгып жатып эртен менен апама көрсөтүп берип, сүйүнгөм. Бирок, муну мен өзүмө далилдедим, кыла алаарыма ишендирдим. Бий менен алектенип калганымдын да бир себеби ушул.

Азыркы Сайкал менен кичинекей Сайкалды салыштырып болбойт, анткени, анда мен курсагы чоң, томпойгон жоош кыз болчумун. Бир жылы ушул чоң курсагым менен бассейнге туруп калып чыкпай калгам(күлүп)

 Хоббиңиз?

-Бийлөө жана сүзүү.

Өзүңүздүн алтын эрежеңиз?

-Өзүңө ишенимдүү бол, башкаларга өзүңдү көргөзгөндөн тартынба!

Сизди издеген адам кайдан таба алат? Инстаграмм баракчаман @saikusya8

Элнур Элдиярова

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу