И. МАСАЛИЕВ:”ТУУРА ЭМЕС ДОБУШ БЕРИП АЛДЫМ” ДЕГЕН ДЕПУТАТТАРДЫН АЙЛЫГЫН КЫСКАРТУУ КЕРЕК”

Бүгүн, 23-майда  Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында депутат Исках Масалиев “Туура эмес добуш бердим же менин ордума башка бирөө добуш берди деген депутаттардын айлыгын кесүү керек”, – деди.

Ал эми жыйында комитеттин төрайымы КСДП фракциясынын депутаты Асел Кодуранова “Процессуалдык макулдашуу институтунун киргизилиши жөнүндө” мыйзам долбоорун күн тартибине киргизүүнү сунуштаган. Анын айтымында, 37 депутат бул долбоорду кайра карап чыгуу боюнча кайрылышкан. “Айрым депутаттар туура эмес добуш бергенин, кээ бирөөлөрү ордуна башка бирөө добуш берип койгонун айтышты”, – деди Кодуранова.

Исхак Масалиев  “Эгерде депутаттын ордуна башка бирөө добуш берсе, анда жумушка келген эмес экен да. Туура эмес добуш бердим дегенди кандай түшүнсө болот?”, – деп нааразы болду.

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу