Атамбаев маалымат жыйын өткөрөт

Алмазбек Атамбаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен пресс-конференция уюштурат. Бул тууралуу бүгүн КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина билдирди. Ал пресс-конференция жакында өтөрү пландалып жатканын кошумчалады.

Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарды.

Президенттиктен кеткенден кийин быйыл 31-мартта алгачкы пресс-конференциясын өткөрүп жатып айткан сөздөрүнөн соң анын жана азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун ортосунда ажырым ачыкка чыккан.

31-октябрда КСДПнын саясий кеңеши парламенттеги фракциясынын лидери Иса Өмүркуловду партиядан чыгарганын жарыялады. Өмүркулов өзү бул чечимди мыйзамсыз деп атап жатат.

Булак: Govori.tv

Аргумент.kg
Жооп калтыруу