Июль айында аба ырайы кандай болору айтылды

Синоптиктер бул айда жаан-чачын өз нормасында болорун белгилешти.

Жайдын капортосу ысык болот. Июлда күндүз абанын температурасы 30 градустан жогору болорун Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргызгидромет билдирди.

Алайдан башка аймактарда жаан-чачын өз нормасында болору күтүлүп жатканы айтылды.

Чүй менен Талас өрөөндөрүндө күндүн табы 38 градуска чейин көтөрүлсө, түнкүсүн 19 градуска чейин жылуу болот. Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында 38 градус ысык болсо, түнкүсүн  да табы кайтпай 21 градус болору божомолдонуп жатат. Ысык-Көлдө күндүз +30, ал эми түнкүсүн +11 градус жылуу болот. Нарында күндүз абанын температурасы 30 градуска чейин көтөрүлсө, түнкүсүн жылуулук 12 градуска жакындап барат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу