Иштен мыйзамсыз алынган медайым өз жанын кыюуга аракет кылды.

 

28-мартта Өзбекстандын Үчкудук районундагы Тоо-металлургия комбинатынын медициналык-санитардык бөлүмүнүн медайымы Гулрух Дустова өз жанын кыюуга аракет кылган.

Маалыматка караганда, ал мындай кадамга жетекчиликтин медайымдыктан кетирип, пол жуучу болуп иштөө сунушунан кийин барган.

– Былтыр октябрда биздин бөлүмгө бир киши халатсыз кирип келген. Мен анда ымыркайлар бар экенин айтып, халатсыз кирүүгө болбой турганын айткам. Бирок анын артынан кирген башкы дарыгердин орун басары мени урушуп, жумушта калтырбай турганын айтып кыйкырган. Ошол окуядан кийин мени жазалооөнөктүгү башталган», — деди учурда райондук оорукана жаткан Гулрух Дустова.

Ал жумуштан мыйзамсыз алынганына даттанып жогорку бачкычтарга, анын ичинде президенттин порталына дагы кайрылганын, бирок эч ким көңүл бурбаганын кошумчалады.

Мекеменин башкы дарыгеринин орун басары Эркин Нормуродов медайымга системалуу түрдө басым жасалып келгендиги жана анын жумуштан мыйзамсыз алынгандыгы боюнча Дустованын айыптоолорун четке какты.

БУЛАК: barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу