Ишкер кыздарга арналган диета

Азыркы заманда жакшы өмүр сүрүш үчүн аялзаты да эркектерден кем калышпай жумуш иштөөгө туура келет. Түйшүккө толгон жумуш менен үй тиричилигин кошо алып жүргөндө өзүңүзгө да караганга убакыт жетпей калат.

Өзгөчө, бир жерде отуруп иштеген жумуш – дененин саламаттыгы менен сулуу мүчөнүн душманы болот эмеспи. Ошол себептен ашыкча салмак жыйнагысы келбеген сулуулар туура тамактануу тартибин сактап же болбосо атайы диета кармоосу кажет.

Бүгүн биз сунуштап жаткан диетаны кармап көрүңүз, 2 жума ичинде 5 киллограм салмак таштоого мүмкүндүк берет.

Эртең мененки тамакка мөмө жемиштерден жеңиз. Өлчөмү болжол менен жарым килло болгону оң. Банан, жүзүм, авокадо жана кургатылган жемиштерден башка түрдүү жемиштерди тандасаңыз болот.

Түшкү тамакка ашказаныңыз эмне кааласа, ошону жеңиз. Болгону көп болбосун. Күрүч, балык, салат, бууга бышкан өсүмдүктөр сыяктуу жеңил сиңген тамактарды тандасаңыз жакшы. Фастфуд, курулган, камыр тамактар, майлуу тамактар жана таттуулардан биротоло баш тартыңыз.

Кечки тамакка кайнаган жер-жемиштер (картошкадан башка) жеңиз. Ага тойбой жатсаңыз, бир аз айран ичүүгө болот. Тез арыктагыңыз келсе, чөптөн жасалган чай же газдалбаган минералдык сууну көбүрөөк ичиңиз.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу